Бүгүн палатанын администрация жетекчиси Ержан Утембаев камакка алынган эле. Ал оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевке кол салууну уюштурган деп шектелүүдө. Оппозиция жасаган билдирүүдө спикер Нартай Абыкаевдин тергөөгө таасир этүү үчүн жетиштүү кубаты бар деп айтылат.
Буга чейин өлкөнүн коопсуздук кызматынын башчысы Нартай Дутбаев саясатчыны өлтүрүүгө мекеменин кызматкери катышкан деген кабар тарагандан кийин отставкага кеткен.
Казак оппозициясы окуяга бийликтин тиешеси бар кайталап келатат. Бирок “Адилет Казакстан үчүн” кыймылынын лидери Жармахан Туякбай биздин кабарчыга билдиргендей, Утембаевтин камакка алынышын комментариялоо азырынча эртелик кылат.
“Нагыз Ак Жол” партиясынын тең төрагасы Сарсенбевтин сөөгү 13-февралда Алматынын жанында табылган.