Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Иракта кол салуулардын толкуну күчөдү


Бакуба шаарында бүгүн бомба жарылып, кеминде 12 киши мерт кетти, алардын 8 аскерлер. Полициянын маалыматына ылайык, өлкөнүн булуң-бурчунда орун алган кол салуулардан 54 адам каза тапты. Кечээ Самарра шаарындагы шийилердин ири мечити жардырылып, өлкөдөгү зомбулуктун күчөшүнө түрткү берди.
Дагы бир расмий маалыматка караганда, Багдаддын түштүгүндө 40 чакты кишинин сөөгү табылды. Алар жогорудагы 54 кишинин ичине киреби же жокпу белгисиз.
Басра шаарында болсо кеминде 25 киши набыт болду.
Өкмөт Багдад жана Салахеддин аймагындагы чукул кырдаалдын мөөнөтүн эки күнгө узартууну чечти.

XS
SM
MD
LG