Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

АЗИЛ СҮРӨТТӨРГӨ КАРШЫ МЫНЧАЛЫК АЛБУУТТАНГАН КАРШЫЛЫК КЕРЕК БЕЛЕ?


Нарын АЙЫП, Прага Алгач былтыр сентябрда бир даниялык гезитте, андан соң бир нече башка европалык басылмаларда Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр жарыялангандан кийин мусулман мамлекеттеринде көптөгөн митинг-демонстрациялар уюштурулду. Эксперттердин айтымында, карама-каршылык негизинен Батыш жана Чыгыш мамлекеттериндеги мыйзамдар гана эмес, элдердин аң-сезими менен салттары ар башка болгондуктан чыкты.

Европа мамлекеттеринде сөз эркиндиги орто кылымдардан бери уланган коомдук күрөштүн натыйжасында калыптанып жана журналисттер чөйрөсүнө гана эмес, коомдун кеңири катмарлары менен жетекчиликтин аң-сезимине кирип калган нерсе. Ошол эле учурда Австрия, Алмания жана Францияда атайын мыйзамдар кабыл алынып, нацисттик идеологияны жактырган пикирлердин жарыяланышына же Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жөөттөрдүн кеңири кырылганын танган маалымат таратууга тыюу салынган.

Андан тышкары дээрлик бардык Батыш мамлекеттеринде диний, расалык, улуттук же жыныстык негизде коомдо араздашуу жаратуу да мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Бирок кимдир бирөө башка адамды же уюмду антип кемсинткен болсо, андай аракет атайылап жасалганы сотто далилденүүгө тийиш. Европалык эксперттердин пикиринде, эгер кимдир бирөө даниялык гезитти сотко берсе, алар Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдү атайылап диний араздашуу пайда кылуу үчүн жарыялаганын далилдөө кыйын болот.

Ошол эле учурда, канадалык журналист Файсал Катти жазганга караганда, дал ошол "Йилланд постен" деген даниялык гезит 2003-жылы Иисусту шылдыңдаган бир нече сүрөттү басып чыгуудан баш тарткан. Анткен менен көпчүлүк европалык мамлекеттер жана Даниянын премьер-министри дагы эгер сөз эркиндиги кандай болбосун абалда сакталыш керек болсо, Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү сүрөттөрдү мыйзам бузуу деп эсептебеш керек.

Бирок даниялык менен башка европалык гезиттердин турумун алардын британиялык жана америкалык кесиптештери толук колдогон жок. Сөз эркиндигин эң катуу коргогон Америка Кошмо Штаттарында атайын мыйзам болбосо дагы, журналисттер диний маселелерге өтө кылдат мамиле кылат.

Ал эми Лондондо чыгуучу "Экономист" журналы 10-февралда жазып чыккандай, сүрөттөр жалпы Ислам динине карата кыр көрсөтүү болгон жана акыркы жылдарда Батыш мамлекеттери эл аралык террорчулукка каршы кеңири согуш жүргүзүп жатканын эске алганда, ал сүрөттөрдү мусулмандар - силердин бүткүл диниңер кылмыштуулукту колдойт деп жиберилген белгидей кабыл алды. Журналдын жазышынча, даниялык журналисттер сүрөттөрдү алгач басып чыкканда, ал сөз эркиндигинин чегин текшерип көрүүгө багытталган аракет экенин түшүнгөн.

Чыгыш мамлекеттеринде болсо сөз эркиндиги мыйзамдар менен анчалык катуу корголбойт, ошондуктан андай сүрөттөргө көнбөгөн мусулмандар каршылык аракеттерин уюштурганы күтүүсүз окуя болгон жок. Бирок алар мынчалык орой түрдө ишке ашырылганын Батыш саясатчылар гана эмес, Ирактын шийи мусулмандарынын жетекчиси аятолла Али ал-Систани же Исламдык конференция уюмунун башчысы Экмеледдин Ихсаноглу сыяктуу адамдар да сындап чыкты.

Антиевропалык митинг-демонстрацияларды уюштурууга айрым мамлекеттердин өкмөттөрү өздөрү катышкан деген маалыматтар дагы жарыяланды. Иран жана кээ бир башка мамлекеттер даниялык буюмдарга бойкот жарыялап, маселени саясатташтырды. Ал эми Ирандын белгилүү гезити холокост жөнүндө эң жакшы азил сүрөт тартууга конкурс жарыялады жана аны - сөз экркиндигинин чегин текшерүү болот деп билдирди.

Каир шаарындагы бир мектептин жетекчиси айтканга караганда болсо, эгер мусулмандардын өз динине болгон ишеними жетиштүү күчтүү болгондо, батыш гезиттеринде чыккан сүрөттөргө карата мынчалык албууттанган каршылык болмок эмес.

XS
SM
MD
LG