Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

САЯСИЙ ТАЛАШТЫН ТАЛААСЫ, 24-МАРТ СИНДРОМУ


Парламент спикеринин кызматтан кетиш-кетпешинин айланасындагы талаш дагыле уланууда. Бирин экинчиси сүйүңкүрөбөгөн жогорку бийлик жетекчилеринин тиреши өлкөдөгү саясий жагдайга кандай таасир көрсөтүүдө? Кыргыз басылмаларынын бетинен түшпөгөн чуулгандуу тема жана да башка комментарийлер, ой жоруулар, макала, кабарлар тууралуу Бекташ Шамшиевдин басма сөз баяндамасында кеп болот.

«Коом турмушунун бардык тармактарында Акаевдин «атжүрүшү» кайталанып, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук, кадр маселесин чечүүдө кымындай да өзгөрүү болбоду… Акаевдин иш усулу түгүл, лексикасын, аргумент, лоигикасын жаңы бийлик тирукмуш тирилтип атканына айран таңмын», деп жазат Алым Токтомушев бейшемби күнкү «Алас» гезитиндеги «Мандем» деген макаласында.

К.Бакиев менен Ө.Текебаевдин тирешинин артында чоң саясий көйгөй жатканын ушул эле гезитте Капарбек Токтошев «Акүй парламент мүйүзүн кайрый алабы?» аттуу макаласында ачып берүү аракетин жасаган. «Ал барып-келип эле багы ачылбаган конституциялык реформага такалат», деп жазат автор.

Реформаны президент менен өкмөт башчы анча каалабай, мыйзам чыгаруу бийлиги аны жүргүзүүгө кызыкдар. 24-мартта революциянын бир жылдыгы, жаңы бийликтин эмне жасап, эмне койгондугу эл алдында айтылышы керек. «Эл-журт өзүнүн жетелей турган жетекчи-лидерлеринин чама-чаркы кандай экенин байкады», деп жазат К.Токтошов.

Ыңкылаптын бир жылдыгы алдында бийлик башчылары эмне иш жасаганын калк алдында ачык-айкын айтып чыгышы эп болорун жума күнкү «Агым» гезитинде Семетей Талас уулу, «Аалам» гезитинде Ж.Орозбаев жазып чыгышты.

Парламенттеги окуялар созулуп баратканы жума күнкү МСН» гезитиндеги Вячеслав Тимирбаевдин «Эмне болуп баратабыз?» деген макаласында да козголгон.

Ушул эле темага бейшембидеги «Лица» гезити да кыйла орун бөлгөн. Кыргызстанды кризис тооруп алды, деп билдирет парламент депутаты Ө.Бабанов «Лица» гезитиндеги маегинде. Анын ырасташынча, бийлик башындагылардын тирешүүсү созулуп баратыр.

10 ай ичинде президент эки ирет гана Жогорку Кеңешке келди, бирок бир да жолу депутаттарды уккан жок. «Жагдайдын жүрө-жүрө абыдан курчуп кетишине өлкөдө мурда айтылган кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн жасалбагандыгы себеп болду», дейт Ө.Бабанов.

«Ошентип атайын түзүлгөн сценарий менен дейликпи же жөн эле дал келүүчүлүкпү, иши кылса бир жумадан бери коомчулукту дүрбөлөңгө салган төрага отставкасы азырынча болбой калды», деп жазды бейшемби күнкү «Жаңырык апта» гезитинде Бакыт Молдалиев.

Спикердин кызматтан кетүү арызы боюнча берилген жашыруун добуштун тагдырын жалгыз бүлетен чечпейт, бирок да аны мыйзамчылар эми кандай карашат, кеп ушунда деп белгилейт бейшемби күнкү «В конце недели» апталыгында К.Аскерова. Анын ырасташынча, эгер бир бүлетенден эреже бузулса, регламент боюнча кайра добуш берилиши керек. Антип маселенин чечилиши узакка созула берсе бир айдын жарымын парламент жалаң төраганын кызматтан кетиш-кетпешин талкуулоого кетирген болот.

23-февралдагы «Лица» гезити Аскар Акаевдин жансакчысы Канатбек Күмүшбековдун маегин жарыя кылды. Анын айтымында, А.Акаев Акүйдүн алынганын Жапан элчиси менен сүйлөшүү учурунда угуп, сүйлөшүүнү токтотуп, карабашын калкалап Канттагы орусиялык аба базасына качып барууга мажбур болгон. «Кыйын чакта А.Акаевдин жанында туура саясий чечим кабыл алууга көмөктөшчү өкмөт башчы Н.Танаевден башка бир да киши болбогондугун айткым келет» , дейт К.Күмүшбеков.

2002-2004-жылдары Кыргызстанда адам сатууга байланышкан 50 кайрылуу катталган, деп маалымдайт Бемет Маткеримова бейшемби күнкү «Кыргыз туусу» гезитиндеги «Талчыбыктай кыздар сатылып кете жаздашты» аттуу макаласында. Автордун ырасташынча, 1999-жылы Кыргызстанда адам сатууга байланышкан кылмыш иш менен 18 адам 5 жылга соттолушкан.

Саясат менен гана жашап калган Кыргызстан чоң азаматынан ажырады. Айтылуу илимпоз, жазуучу, коомдук ишмер Салижан Жигитовдун адабий мурасы, пенделик кулк-мүнөзү тууралуу акын Токтосун Самудиновдун «Кыргызга окшобогон кыргыз же Мекен жүзүндөгү кызыл нур» деген макаласы, Мир Байсубанов менен Өмүрзак Акматовдун эскерүүлөрү жума күнкү «МСН» гезитинде чыкты.
XS
SM
MD
LG