Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

МАСКӨӨДӨ БАСМАН БАЗАРЫНЫН ТӨБӨСҮ УРАП 44 КИШИНИН ЖАНЫН АЛА КЕТТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада, бүгүн, 23 февралда Басман базарынын төбөсү түшүп кырктан ашун кишинин жаны кыйылып отуздан ашуун киши жарадар болуп ооруканаларга жеткирилген. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдаганга караганда ал базарды Өзүбекстан менен Азербайжандан чыккандар кармашчу экен. Алдын ала айтыла баштаган болжолдо базардын үстүнүн түшүп кетишине кардын оор жашы себепкер болгон.

Басман базарынын үстү 23 февралга караган таңда саат 5тен 20 мүнөт өткөн ченде кыйрап түшкөн. Чукулку кырдаалдар министри Сергей Шойгу түштөн кийин журналисттер алдына айткан пикиринде: «Тирүү кишилер үстүндө туруп иштөөгө тура келип атат. Куткаруу ишти дагы 12 саатка улайбыз», - деген.

Эртең менен биринчи сыналгы, куткарылган кишилердин бири менен сүйлөшүп, анын уранды алдында кеминде жүздөй киши бар алардын кай бирлери чөнтөк телефон аркалуу куткаруучулар менен сүйлөшүп атышат деген жерине шилтеме берет.

Адисттер айтканга караганда Басман базарынын үстү 2000 чарчы метр туташ семент. Алдан ала айтылган болжолго караганда ошол семент жабуу оор жааган карды көтөрө албай урап түшкөн.

Айтмакчы, Маскөөдө түнү бою көз ачырбай кар жааган.

Каргашалуу окуя чыккандан улам ал базарда иштеп жүргөн кыргыздар болбосун деген ниет менен Маскөөдөгү кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин бири Асанбек Жакшылыков менен байланыштык:

Кабарчы: - Бауман районундагы Басман базарынын үстү түшүп кеткен турбайбы, ал базарда кыргыздар иштечү беле?

Асанбек Жакшылыков: - Азыр, мен жанымдагылардан сурап атамын. Ал жакта биздикилер жок дейт. Жок экен. Кыргыздар дегинкиси кийим-кечек сатчу базарларда иштешет. А тиги (Басман – ММ) базар жашылча жемиш, азык түлүк сатат. Ал жерде кыргыздар жок»

Басман базары 70-чи жылдары курулуптур. Аны долбоорлогон архитектор Нодар Канчели экен. Анын ИНТЕРФАКС агенттигине айткан пикиринде: «Базардын антресолуна (базардын ээси – ММ) көптөгөн палаталар орноттурган. Ал кошумча оордук болуп ага калың түшкөн кар кошулганда кырсык болгон сыяктанат», - деген.

Эртең менен шаардык прокурор Анатолий Зуев журналисттерге имараттын кыйрашы боюнча үч болжол айтты:

«Базарды пайдалануу эрежесин бузгандык. Экинчиси - базар жетекчилиги имараттын техникалык абалын тийешелүү көзөмөлгө ала албагандык. Үчүнчү божомол – имараттын долбоорун чийгенде кетирген катачылык», - деди маскөөлүк прокурор.

Ал жерге барган баш калаа мэри Юрий Лужков мунун террордук актыга окшогон эч жагы жок экенин айтты.

Басман базарынын долбоорун чийген архитектор, 2004-жылы 14-февралда үстү түшүп кетип 28 киши курман болгон «Трансваал» авкапаркынын долбоорун чийген архитектор Нодар Канчели болуп чыкты.

Эгерде бул болжол чын болуп чыкса анда быйыл кыш ичи ушуну менен үчүнчү жолу оор жааган кар себепкер болуп имараттар кыйроосу болот экен. Январда Баварияда муз тепчү аянттын үстү түшүп кетип 15 киши, саал андан соң Польшада кептерлер көргөзмөсү өтүп аткан залдын үстү түшүп кетип 66 киши жана 23 февралда Маскөөдө базар үстү түшүп андан кырктан ашун киши көз жумушту.

«Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, Басман базарын баумандыктар «өзүбек базары» деп коюшат экен. Ал базарды дегинкиси азербайжандар менен өзүбектер кармачу экен. «Тренди» сайты жазганга караганда, бүткүлорусиялык азербайжандар диаспорасы ал өлкө элчилиги менен бирдикте оперативдүү штаб түзүп, курман болушкан мекендештеринин сөөгүн жерге берүү же элине чыгарууда болчу чыгымын моюндарына алып атышыптыр.

Белгилей кетчү жери маалымат ар кыл жана тез өзгөрүүгө дуушар болуда

XS
SM
MD
LG