Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Карасуулук тургундар электр тармактар ишканасын сотко бермекчи


ОШ. Карасуу шаарынын 49 тургуну райондук электр тармактар ишканасын электр кубатын керектөөчүлөрдүн укугун басмырлаган деп айыптап, моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 1 млн. сом талап кылып сотко бере тургандыктарын жарыялашты.Тургундар ишкана инспекторлору электр эсептегичтерди атайылап өздөрү бузуп койгон, пара талап кылган жана электр энергиясын негизсиз өчүрүп кеткен фактылар боюнча нааразылыктарын билдиришти.
Карасуу райондук электр тармак ишканасынын башчысы Данияр Сыдыков өз кезегинде ашыкча жагылган электр энергиясы үчүн төлөгүлөрү келбей жатышкан абоненттер атайылап каралоо өнөктүгүн уюштуруп жатышкандыгын белгиледи.

АБА ЫРАЙЫ
25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 25-февралда түнкүсүн айрым аймактарда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалалабат облустарынын айрым жерлерин туман каптайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...+5 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2...-7 градус, күндүз 0...+5.
Нарын аймагында түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градус болот.
Борборубуз Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз +3...+5 градус.


Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG