Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Күч структураларын реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыгуу башталды


БИШКЕК. Кыргызстандагы укук, тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыгуу үчүн эксперттик топтун курамы депутат Кубатбек Байболов тарабынан өкмөткө сунушталды. Депутаттын айтымында, эксперттик топтун курамына Россия менен Казакстандын тартип коргоо тармагындагы тажрыйбалуу адистери, өлкөнүн бийлик бутактарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү адистер сунушталган. Аталган топ Кыргызстандагы сот, прокуратура системасын, улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер органдарын комплекстүү реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыкмакчы. Бул иш президенттин тиешелүү жардыгы же өкмөт башчынын буйругу менен башталат. Президент Курманбек Бакиев февраль айынын башында депутат Байболовго өлкөдөгү күч структураларын реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыгуу өтүнүчү менен кайрылып, бул ишти тапшырган.

XS
SM
MD
LG