БИШКЕК. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда Москва шаарындагы Басман базарындагы кырсыктан каза болгондордун арасында Кыргызстандын атуулдары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков 24-февралда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү кырсык болгон жерде болушуп, ал жерде соода кылышкан кыргызстандык жарандардын тизмесин тактап, айрымдары менен жолугушуп, алардын абалы менен таанышууда.
23-февралда таңкы саат 5тен 45 минут өткөндө Москвадагы Басман базарынын чатыры кулап түшүп, жыйынтыгында 57 адам каза болгон. Жаракат алган 30га чукул адам ооруканага жеткирилген.
23-февралда таңкы саат 5тен 45 минут өткөндө Москвадагы Басман базарынын чатыры кулап түшүп, жыйынтыгында 57 адам каза болгон. Жаракат алган 30га чукул адам ооруканага жеткирилген.