Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Сарбановду Улуттук банктын төрагасы кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө маселе козголду


БИШКЕК. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановду сот жараяны аяктаганга чейин кызматынан бошотуу тууралуу өтүнүч менен мамлекеттик айыптоочу Бакыт Осмоналиев кайрылды. 24-февралда Биринчи май райондук соту прокурордун өтүнүчүн кабыл алды. Буга чейин Улан Сарбановду кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө башкы прокуратура ишти тергөө учурунда чечим чыгарган, бирок аны президент Курманбек Бакиев колдогон эмес. Сотто айыпталып жаткан Улуттук банктын төрагасынын адвокаты Сергей Слесарев сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу билдирүү менен чыкты. Бирок сот аны колдогон жок.
Улан Сарбанов 1999-жылы декабрда экс-президент Аскар Акаевге 420 миң долларды мыйзамсыз берген делип айыпталууда.

XS
SM
MD
LG