Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

РОССИЯ МЕНЕН КЫТАЙ ИРАНДЫ ИЙГЕ КЕЛТИРГЕНГЕ УМТУЛУУДА


Тегеранга орус жана кытай делегациялары келди. Россиянын атом энергиясы боюнча агенттигинин башчысы Сергей Кириенко менен Кытайдын тышкы иштер министринин орунбасары Лю Го Цзен Тегерандын атомдук программасы боюнча мунасалуу сунушту кабыл алганга Иран жетекчилерин көндүргөнгө аракет кылышмакчы. Москва Иранга Россияда уран байытып берүүнү сунуш кылган эле. Мындан мурда Москвадагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаган болчу.

Россия менен Кытайдын делегациялары Тегеранга бир учурда келгени эл аралык юриспруденция профессору, иран илимпозу Хермидас Бавандга кризистин дипломатиялык жол менен чечилишине үмүт арттырган кадамдай көрүнөт. “Бу визиттердин өз ара байланышы бар экенинде калет жок,анткени азыр Ирандын атомдук программасы негизги маселе болуп турат жана ал сүйлөшүүлөрдү талап кылат”,- дейт профессор Баванд.

Сүйлөшүүлөр учурунда Иран менен Россиянын биргелешип ишкана түзүү планы талкууланат. Муну орус делегациясынын башчысы Сергей Кириенко Тегерандын аэропортунда ырастады. Москва Иран үчүн Россияда уран байытып берүүнү сунуш кылып, бул демилге дүйнөлүк коомчулуктун колдоосун тапкан эле. Бирок Москвадагы сүйлөшүүлөр маалында тараптар орток пикир таба алган эмес.

Жума күнү Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Тегеран мунасага барганга даяр экенин кайрадан ырастады. Моттаки ошону менен бирге Ирандын жайчылык максаттарда атомдук технологияларын өнүктүрүү укугу эске алынууга тийиш экенин кошумчалады.

Профессор Бавандын айтымында, Кытай делегациясы менен Иран өкүлдөрүнүн Тегерандагы сүйлөшүүлөрүндө да Россиянын сунушу башкы тема болчудай. Кытай мурда Россия менен Иран биргелешип түзгөнү жаткан ишканага кошулганга ыкыласын билдирген.

Тегерандагы сүйлөшүүлөр чечүүчү мааниге ээ болушу ыктымал. Эгер Россия менен Кытай Тегеранды мунасага көндүрө алса, анда Иранга каршы эл аралык санкцияларды жарыялоо мүмкүнчүлүгү азайат. А кокус талкуу-талаштар кайрадан натыйжасыз аяктаса, кризис ого бетер тереңдейт. Ирандын маселеси эмдиги айдын башталышында МАГАТЭде – атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикте – кайрадан каралат.

XS
SM
MD
LG