Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

КЫРГЫЗСТАН: ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ЖОК МОЙНУ КАТУУ САЯСАТЧЫЛАР


24- мартта президент Аскар Акаевди элдик ынкылап бийликтен шыпырып түшкөнүнө туура бир жыл толот. Анын алдында байкоочулар Кыргызстандагы саясый жагдайды кылдат талдоодон өткөрүп, өз бааларын беришүүдө. “Азаттыктын” Вашингтондогу эксперти Даниел Киммэйж Кыргызстандагы саясый жагдайга арнап, үстүбүздөгү аптада жарыялаган макаласында премьер-министр Феликс Куловдун күч органдарындагы коррупция жана кылмыштуулук боюнча жасаган билдирүүсү, президент Курманбек Бакиев менен парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев арасындагы араздашуу-бийлик системалык кризиске тушукканын күбөлөйт деп боолголойт.

Вашингтондук талдоочу Даниел Киммэйж өз макаласын: “Кыргызстан: Жеңүүчүсү жок мойну катуу саясатчылар” деп атаган. Макалада премьер-министр Феликс Кулов, президент Курманбек Бакиев жана парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев ортосундагы саясый тирешүү жүрүп отуруп, январдын соңуна карата коомчулукка билдирүү жасоо менен аяктап, “жабылуу каптын оозу” ачылган жагдайга, спикердин парламент трибунасынан туруп, президентти таарынта айткан сөзүнөн кийин түзүлгөн өлкөдөгү саясый кырдаалга автор кеңири токтолот.

Даниел Киммэйжди маекке чакырып, оболу Кыргыз Республикасынын президенти Бакиев менен Жогорку Кеңешинин төрагасы Текебаев ортосундагы чатактын себеби жөнүндө суроо узаттым:

Д. Киммэйж: -Экөөнүн ортосундагы чатактын түпкү себеби эмнеде экенин айтуу өтө кыйын. Мени таң калтырганы, айрым басылмалардын эки саясатчынын жеке мамилелерине өтө көп маани беришкени болду. Андыктан, Кыргызстандагы саясат лидерлердин жеке атаандашуусунун негизинде жүрүүдө дегендей пикир жаралат. Биз үчүн адамдардын саясатты кандай кабылдашканы абдан маанилүү. Менин алыскы Вашингтондон байкашымча, бул жерде, албетте, жеке мамилелер да болду. Муну Текебаевдин президентти сындоо ыкмасы да ырастайт.

Cуроо: - Тажрыйбалуу саясатчы, премьер-министр Куловдун өлкөдөгү кырдаал, анын ичинде күч колдонуу органдарындагы коррупция жана кылмыштуулук жөнүндөгү билдирүүнү президент өлкөдө жокто жасаганын кандай түшүндүрсө болот?

Киммэйж: - Менин оюмча, ал дал ушул мезгилде- президент өлкөдөн тышта экенде өз көз карашын коомчулукка ачык билдиргенди жана президентти сындаганды оң тапкан көрүнөт. Бул билдирүүнүн өзүнөн да көрүнүп турат.

Cуроо:- Парламент төрагасынын президенттин ысмына ачуу айткан сөзү коомчулукта, анын ичинде чоң саясатка аралышып жүргөн адамдардын арасында да түрдүү пикирди жараткан. “Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде өткөрүлгөн талкуу маалында, беделдүү укук коргоочу Эдил Байсалов: “...мындай сөздү Россияда бири бирине айтып жатышат, Европада бири-бирине айтып жатышат, атүгүл Америкада мындай сөздөр нормалдуу деп эсептелет”, - деген болчу. Андыктан, Вашингтондук талдоочудан: “Бул сындуу кекээр сөздөр Кошмо Штаттардын бийик саясый чөйрөсүндө колдонулабы?” деп сурадым:

Киммэйж: - Билесизби, стандарт ар түрдүү. Бирок, саясатчылардын түрдүү саясый чөйрөдө бирин бири инсандык касиетине өтүп сындаганы нормалдуу эмес деп ойлойм. Менин баамымда, Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө саясатчылар миллиондогон адамдарга түздөн түз таасир этишкендиктен, алардын берегидей жүрүм-туруму эл ичинде калпыс түшүнүктөрдү жаратат. Карапайым эл саясатчылар өлкө деңгээлиндеги маселелерди олуттуу отуруп эмес, мектеп окуучулары сыяктуу сөздөрдү сүйлөп чечишет деп ойлошот. Бул АКШга таандык көрүнүш эмес. Бирок, мындай нерсени Гватемалада жана Ганада кабыл алышы мүмкүн. Дагы айтам. Саясый жетекчилердин Кыргызстандагыдай коомчулук алдында ачык кайым айтышуусу АКШда болгонбу, менин эсимде жок. Бул, бирок, андай нерселер жок дегенди түшүндүрбөйт. Бир нече ай илгери Сенатта кимдир бирөө сөгүнүп сүйлөндө чоң чатак чыккан. Вице-президенттин бир кезде өтө курч сөздөрдү колдонуп жүргөнү да маалым. Анткен менен, президент ит, ал асынып алсын дегендей жагдай эч качан болгон эмес.

Cуроо: - Мырза Киммэйж! Кыргызстандын биринчи жетекчилери арасындагы эрөөл убактысынча дымып калды көрүнөт. Жогорку Кеңеш төрага Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Премьер-министр да Президент менен өз ара эч кандай түшүнбөөчүлүк жок деп, коомчулукка маалым кылды. Ошентсе да, жаамы журтту дүрбүткөн бул окуянын негизинде кандай бүтүм чыгарса болот?

- Биринчиден, конфликттин негизинде президенттик башкаруу оңбу, парламенттик башкаруу мыктыбы же кандайдыр бир аралаш форма жөндүүбү деген чоң талаш жатканы айкын. Советтер Союзунун пайдубалында пайда болгон көпчүлүк эгемен мамлекеттер президенттик башкаруу формасын тандап алышкан. Алардын конституциялары президентке эбегейсиз бийлик берет. Андай идеянын максаты өткөөл мезгилдеги кырдаалды стабилдүү кармоо болгон. Бирок, президенттик башкаруунун дарбазасы авторитаризмге жана диктатордукка ачык экени эске алынбаган. Кыргызстанды алсак, бийлик төбөсүндө турган президенттик система - Акаев доорундагы мыйзам бузууларга өбөлгө болгон. Быйыл конституцияны реформалоо боюнча референдум өткөрүлгөнү жатат. Бакиев менен Текебаевдин комментарийлери - алар бул маселеде эки башка көз карашта турушканын ачык көрсөтөт.

Экинчиден, Кулов айткан кылмыштуулукка токтолсок, адам өлтүрүүлөрдү жана октябрда болгон демонстрацияларды деңизде калкып көрүнгөн айсбергге салыштырса болот. Чыныгы проблема тереңде жатат. Анын артында ырасмий эмес бийлик жүргүзгөн күчтөр, көмүскө схемалар турат. Натыйжада, бир ууч, өз ара камыр-жумур чиелешкен элита байып-маарып жатса, көпчүлүк эл кедей жашоодо. 2005-жылы Акаевди сүрүп түшкөн элди баарынан да бийлик системасындагы коррупция кыжырданткан. Текебаев “март ынкылабынан кийин бийлик адамдарынын менталитети өзгөрбөдү” деп, ал биринчи кезекте кылмыштуулук мурдакы эле бойдон калганына көңүлү толбогонун айтууда.

Эң соңунда айтарым, карапайым элде кайсы саясатчы кимди жаман көрөрүн окуганга чамасы жетпейт. Алар саясатчылар Кыргызстандагы башкаруу системасын өзгөртүп, кылмыштуулукту жана коррупцияны токтотууга милдеттүү, ар кандай чыр-чатактан алыс болуш керек деп ойлошот. Саясый лидерлердин чыр-чатагы элдин аларга болгон ишеничин жоготот. Эгер президент парламентти бийликти тартып алууга аракеттенүүдө деп күнөөлөсө, ал эми парламенттин төрагасы президентти “шермендеси чыкты” деп келеке кылса, премьер-министр кылмышкерлер өкмөткө үстөмдүк кылууда деп эскертип жатса, катардагы кыргыз жарандары жетекчилердин кимиси туура сүйлөгөнүн биле албай, алардын баарынын сөзүн туура табышы мүмкүн. Бул өтө коркунучтуу.

XS
SM
MD
LG