Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: 365 МИЛЛИОН ДОЛЛАР УТУП АЛГАН КИШИ ТАБЫЛДЫ. “КАРИКАТУРАЛАР УРУШУНА” ИРАНДЫН КОНДИТЕРЛЕРИ ДА КАТЫШУУДА...


Бактылуу билет

АКШнын Небраска штатында өткөн ишембиде өткөрүлгөн лотереяда 365 миллион долларды утуп алган билеттин ээси табылды. Бактылуу билет Линколн шаарында сатылып алынган. Пауэрбол лотереясы бул жолу өзгөчө популярдуу болду, ага катышкан штаттарда ар бир секундада ондогон билет сатылып турду.
Жеңүүчүнүн эки мүмкүнчүлүгү бар. Ал 365 миллион долларды 30 жылдын ичинде аз аздан алып турат. Күткүсү келбесе 177 миллионду гана алат.
Былтыр эң ири утуш 363 миллион долларды түзгөн, 2000-жылы болсо аны 2 киши бөлүп алган.

«Доогер тирүү деп таанылсын»...

Бир нече жылдан бери испаниялык Мария-Антония Калво...тирүү экенин далилдөө менен алектенип жүрдү. Анын өлүмү 1992-жылы расмий катталган. Мария-Антониянын сотко келип: “Мен тирүүмүн!” - деп жарыялашы да бюрократиялык катаны оңдоого жардамдашкан жок. Эми гана журналисттердин кийлигишүүсүнөн кийин сот “доогерди тирүү деп таануу” чечимин кабыл алды. Калво Би-Би-Сиге берген интервьюсунда бул жорук үчүн агасын күнөөлөдү. “Ал атабыздан калган мураска ээлик кылыш үчүн башка бир туугандарынын макулдугун алышы керек болчу. Байлыкка тоскоолдуксуз ээ болуу амалында менин өлүмүм жөнүндө кагаз жасаттырып алган”, - дейт 43 жаштагы сеньора Калво.

Эң кызыгы Мария-Антония дүйнөдөн кайткан деп таанылганы менен муруңкудай эле салык төлөп турду. Бирок турмушка чыга албай жүрдү, 4 жаштагы уулунун документтеринде болсо жетим деп жазылып калды.
Адвокаттар мындай окуя сейрек жолуккандыктан Марияга жардам берүүдөн баш тартып келишти.

“Таттуу согуш”

Тегерандын кондитерлеринин кесиптик кошууну “даниялык токоч” деген таттуунун аталышын өзгөртүүнү талап кылды. Аталган токоч Иранда гана эмес, башка жерлерде да ошентип аталат. Эми Ирандын баш калаасында анын ордуна “Мухамед пайгамбардын розалары” деген таттуу сатыла баштады. Муну менен ирандык кондитерлер Даниянын гезиттеринде жарык көргөн карикатураларга жооп кайтарышты.
Мындай чара жергиликтүү ишкерлерге гана зыян алып келиши ыктымал. Кесиптик кошуундун чечимин бир катар кондитерлер колдошкон жок. “Мен таттууну чыгаруу менен гана алекмин, ал эмне деп аталат, ишим да жок”, - дейт сатуучулардын бири Зорех Масуми.
Башка бир кондитерлер болсо профсоюздардын чечимин туура деп эсептешет.
Тамак-аштын аталышын саясий себептерден улам өзгөртүү буга чейин да болуп келген. 2003-жылы Ирак кризиси туу чокусуна жетип турган кезде АКШнын Конгресси куурулган картошканы “Френч Фрайз” же “француз картошкасы” эмес, “эркиндик картошкасы” деп атап калган.

“Роллинг стоунздун” пляждагы концерти

Өткөн дем алыш күндөрү рок-музыканын жарым миллиондой күйөрманы атактуу “Роллинг Стоунз” тобунун концертине бекер катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Рио-де-Жанейродогу Копакабана пляжында өткөн концерт музыка тарыхындагы эң массалык шоу болуп калды.
Топ 20 чакты ыр аткарды. Концерт бийик, 7 этаж үйгө жеткен сахнада өттү. Ал музыканттар жашаган мейманкана менен туташтырылыган. Тартипти миңдеген полициячы камсыздап турду. Роллинг Стоунздун Биггер Бэнг деп аталган дүйнөлүк турнесинин алкагында өткөн концерт үчүн Рио-де-Жанейро музыканттарга 750 миң доллар төлөдү.
1994-жылы Копакабана пляжында Род Стюарттын концертине үч жарым миллиондой киши чогулган.

XS
SM
MD
LG