Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

ЧЕГАРАДА ЖЕР-СУУ ТАЛАШТАРЫ ЫРБАП БАРАТ


Жаздын келиши менен Баткендеги чегара аймактарда жер-суу талаштары жандана баштады. Жергиликтүү эл чегарага делимитация демаркация жүргүзүү иштери создугуп жатканына кабатыр. Анысы аз келгенсип, кыргыз тараптын эскертүүлөрүнө карабастан чегарадагы талаш жерлерге тажик атуулдары жылып кирип отурукташууда.

Кыргыз-тажик чегинде жайгашкан Аксай айыл өкмөтүнүн карамагындагы Чекдөбө, Кара жана Кара-2 участкаларында мыйзамсыз жер ээлеп алган тажик атуулдары арбын. Кыргыз тарап бир участкадагы мыйзамсыз жер ээлеп алганды чыгарып бүткөнчө экинчи бир участкага тажиктер топурак ташын төгүп үй салып баштаганга үлгүрүүдө. Кыргыз тараптагылар тез арада чегараны тактап алмайынча коңшулар Баткен районуна кеткен жалгыз каналды ийме чийме тешип суусун бууп алышы ыктымал деп чочулашууда.

- Чекдөбө, Миңбулак,Талшак, Кара деген чегарада талаш жерлерибиз бар. Бүгүнкү күндө Карага ташты, топуракты төгүп үй салышка даярдап атышат. Талшак деген жерде үйлөрү каналга жетти. Эгерде ушундай болсо биздин Төрткүл көлгө дагы бир тамчы суу өтпөйт деп ойлойм, тажиктер тосуп алат. Тажиктер каналды тешип, сууну каалагандай түшүрүп каалагандай алышат - дейт Көкташ айылынын тургуну Разия Осорова.

Баткен облусунун жетекчилери бир нече эскертүүлөр берилгенине карабай коңшулар Кыргызстандын аймагына жылып өтүү аракеттеринен баш тартпай жатканын белгилешет. Ушундан улам кыргыз тараптагылар мыйзамсыз иш-аракеттерге тажик башчыларынын тымызын тийешеси бар деп жоромолдошууда.

- Тажикстандын тургундары акыркы күндөрү канча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүз менен аракет кылып 1 метр болсо дагы Кыргызстандын чегарасына өтүү максаты бар,- Баткен облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев. - Биз барып жетекчилер менен сүйлөшөбүз, силер өтүп келдиңер, эгер кыргыздын бир атуулу чегараны бузган болсо бизге айткыла десек айта албайт. Мыйзам бузуулардын баарын тажик атуулдары жасоодо. Тажик жетекчилигинин көрсөтмөсү менен болуп атабы деген ойго келем. Себеби биз облустук, райондук деңгээлде жолугушуп сүлөшүп атабыз. Жыйынтык болбой атат.

Тажик бийлигинин өкүлдөрү өз кезегинде мыйзамсыз жер ээлеп алууга өздөрү тараптан эч кандай тукуруу болгон эместигин белгилешет.

- Эч кимдер күмөндөр болбошу керек. Тажик башчылары эч кимге эч кандай буйрук, же тукурук берген эмес. Андай сөз болушу мүмкүн эмес - дейт Исфара шаар башчысынын орунбасары Садыкжан Рустамов.

Мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн айтымында жогорку бийлик чегарадагы чырлуу маселелерди райондук же облустук бийликке жүктөбөстөн өзү чечкени зарыл.

- Мен ойлойм чегараларыбыз тажик, өзбек коңшулаштарга өтүп кете бербеши үчүн ошолорго электр энергиясы, салык жагынан жардам көрсөтүлсүн деген Жогорку Кеңеште бир топ сөздөр болгон. Өкмөт тарабынан бул маселеге катураак киришпей турган болсо, эл арасында талаш-тартыштар боло берет - деди Жогорку Кеңштин депутаты Арзыбек Бурканов.

XS
SM
MD
LG