Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Бош аймактардан депутат болгусу келгендердин саны жыйырма үчкө жетти


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча 9-апрелде үч округда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары катышууну каалагандардын катарына жаңы адамдар кошулду. №16 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары Ташболот Балтабаев, «Бешилик» коомдук фондунун директору Рахманжан Разыков, № 39 Куршаб шайлоо округу боюнча Ош облустук керек жарак башкармалыгынын башчысы Мамат Орозматов, Өзгөн районундагы аймактык казыналыктын башчысы Салтанат Абдыкарова, жеке ишкер Майсалбек Абдыкадыров, №69 Балыкчы шайлоо округу боюнча Ооганчылар ардагерлеринин коомдук кыймылынын башчысы Шейшенбек Байзаков, ички иштер кызматкери Кубанычбек Кадыров округдук шайлоо комиссияларына арыз беришти. Жалпысынан округдук шайлоо комиссияларына 24-февралга карата Балыкчыда 7, Кадамжай менен Куршабда 8 арыз түштү. Алар ирети менен каттоодон өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG