Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:25

Топчубек Тургуналиев парламентти таркатуу аракеттерине кайра киришти


БИШКЕК. Жогорку Кеңешти өз ыктыяры менен таркап кетүүгө үндөгөн сунуш менен келерки аптанын башында «Эркиндик» саясий партиясы чыкканы жатат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Азаттыкка» ишемби күнү билдирди. Партия аны менен тим болуп калбай, парламентти таркатуу максатындагы кол топтоону кайра баштамакчы. Топчубек Тургуналиев мындай аракеттерди Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин президентке одоно сөз айтышы, анын кызматтан кетүү арызына байланышкан парламенттеги кризис менен негиздеди. Саясатчы бул демилгени бир катар тилектеш партиялар колдоорун айтып, алардын катарында президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков негиздеген «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясын атады.

XS
SM
MD
LG