Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

24-МАРТКА БИР АЙ КАЛДЫ: ЭМНЕ ӨЗГӨРДҮ?


Кыргызстанда ушул таптагы кырдаалды жакшы деп айтууга болбойт. Президент менен парламент төрагасынын кайым айтышуусу, президент менен премьер-министрдин мамилеси өлкөдөгү жалпы кырдаалга таасирин тийгизүүдө дешет талдоочулар. Кырдаалды ким курчутуп жатат? Эмне себептен март ыңкылабы аягына чыкпай калды? Мына ушул суроолор 24-март жакындаган сайын көп берилип жатат.

24-мартка бир айга жетпеген убакыт калды. Бир жыл аралыгында жаңы бийлик эмнеге жетишти, өлкө мындан ары кандай өнүгөт деген суроолор байма-бай талкуулана баштады.

Бийликтин алмашуусуна күч үрөп, салымын кошкон Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров сыяктуу президент К.Бакиевдин кечээки үзөнгүлөштөрү дагы, мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаевдин жактоочулары дагы азыркы бийликтин ар бир кадамына баам салып турган убак.

Президент Курманбек Бакиев башында турган азыркы мамлекет башчылары Конституциялык реформаны кечеңдетип жатканын ошол эле Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров сыяктуу «ыңкылапчылар» дагы сынга алып келатышат:

- Революциянын башкы максаттарынын бири – конституциялык реформа, өлкөбүздөгү системаны алмаштыруу болчу да. Биз биринчи күндөн баштап анын (К.Бакиевдин) үзөнгүлөштөрү дайыма айтып келдик – «эми баштабайсызбы, баштабайсызбы», деп. Мына ал кечиктире бергенден 18-майда ага кирип, кол койдуруп, келишим алдык. Ошондо айтты: «антты алайын, президент болоюн, 10 күндүн ичинде конституциялык реформа жасайм» деп. Мына ошондон ушул убакка чейин баштаган жок реформаны, - дейт Азимбек Бекназаров.

«Легендарлуу парламенттин» (1990-1994) депутаты, белгилүү саясатчы Бегиш Ааматовдун ою боюнча, конституциялык реформанын кечеңдеп жатышы өтө коркунучтуу жана анын соңу эмне менен бүтөөрү бүдөмүк:

- Бул - өтө коркунучтуу. Элдин толкунун улам эле токтотуп, аракет кылат. Улам эле бөгөт коёт. Эл Аскардан (Акаевден) дагы ушинтип жадап бүтүшкөн. Масалиевден дагы ушинтип жадап бүтүшкөн. Эртең сел жарып кетет алиги дамбаны.

Конституциялык реформанын турмушка ашпай жатышы менен Бакиев-Кулов тандеми «мандемге» айланып калды деп айтууга негиз болуп жатат дешет талдоочулар. Анткени тандемдин бир шарты боюнча президент өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн премьер-министрге өткөрүп бериши керек эле.

Муну ачык айта албаса дагы премьер-министр Феликс Кулов кылмыштуу топтор өкмөткө сөөмөй кезеп жатат, бийлик менен кылмыш топтору коюн-колтук алышып кетти, буларга каршы күрөшүүгө менде жетиштүү бийлик жок деп, январда президент өлкөдө жок кезде билдирүү жасаган.

Тандемдин шарттары аткарылышы керек деген пикирин мурдагы депутат, саясатчы Бегиш Ааматов ортого салды:

- Өлкөнү алдыга алып кетсин деп эл шайлоодо тандемди колдошкон. Бирок тандемде берилген убадалар аткарылбай жатпайбы.

Саясий темаларга көп кайрылып келаткан журналист Султан Жумагуловдун пикири боюнча, азыркы бийлик өрт өчүргүч кебетесинде улам бир чырды басып, бирок мурдагы бийлик тарабынан 15 жылда түзүлгөн коррупциялык системаны жоюуга шымалана киришпегени көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылып жатат:

- Азыркы президент өзү айтып жүрбөйбү: «биз өрт өчүргүч болуп жатабыз, улам бир жерде эл толкуп, ошону басып жатабыз», деп. Чындыгында бийлик майда толкундоолорду басып, ошону менен алаксып жатат. Бирок мен азыркы бийликти актай албайм. Себеби, өздөрү айтып жүргөн, Акаев 15 жылда түздү деген коррупциялык системаны талкалаганын бийлик элге далилдеп бере алган жок. Эгер иш болсо, көңүл калуу, иренжүү сыяктуу нерселер болмок эмес.

Президенттин парламент трибунасында туруп мен силерди өз убагында таратпай, сактап калгам, деп Жогорку Кеңешти сынга алып кеткени, ага жооп катары төрага Текебаевдин президенттин наамына ачуу сөз айтышы бийлик бутактарынын жетекчилеринин ортосундагы ырктын начардаганын айгинеледи.

Саясатчы Бегиш Ааматов болсо парламент спикери Өмүрбек Текебаев мамлекет башчысынын сынына чыдабай калып, айласы кеткенде анын наамына ачуу сөз айтууга аргасыз болду деген пикирде:

- Чыдабаганынан келип айтып жатат да. Анткенинин себеби, революциянын милдеттерин, революцияда элге берген убадаларын аткарбагандан келип парламентте талкуулар болуп жатпайбы. Парламентте конституциялык реформа кылалы деп, демилге көтөрүп жатышпайбы. Ак үйдө реформа кылалы дегендер аз. Келип-келип президенттин докладынан кийин курчуду да кырдаал. Анткени өзүң жасабаган ишти бирөөгө оодара салгандан кийин, адилетсиз сын айтылгандан кийин келип чыкты да ушундай нерселер.

Төраганын кызматтан чегинишине карата багытталган акыркы окуялардан кийин "Эркиндик" партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев башында турган парламенттин тарашын көксөгөн күчтөрдүн демине дем кошулду. Алар ушул тапта парламентти таркатуу максатында жер-жерлерде жең түрүнө кол чогултууга кайрадан чакырык жасашты. Алардын пикиринде, парламент гана демократиячыл реформага тоскоол болууда.

Бегиш Ааматовдун айтымында болсо, негизинен бир жыл аралыгында Кыргызстандын бийлик мунарасында «А» тамгасы «Б» тамгасына алмашканы гана болбосо, башка эч нерсе өзгөргөн жок, ошондон улам калк арасында бийликке карата нааразылыктар көп болуп жатат.

XS
SM
MD
LG