Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

ТЕКЕБАЕВ КЫЗМАТТАН ЭМИ ЧЫНДАП КЕТМЕЙ БОЛДУБУ?


Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев ээлеген кызматынан Эмгек кодексинин негизинде кетери тууралуу арыз менен Жогорку Кеңештин сессиясына кайрылаары күтүлүүдө. Төраганын кызматтан кетишине байланышкан жаңы жагдай парламенттеги саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?

Өмүрбек Текебаевдин Жогорку Кеңештин төрагалык кызматтан кетишине ириде президенттик администрация кызыкдар болуп жаткандыгы төрагага боор тарткан саясатчылар тарабынан өткөн эки апта ичиндеги талаш-тартыш маалында кыйла эле айтылды. Буга Курманбек Бакиевдин «Коммерсанть» гезитине берген интервьюсу да шылтоо болду. Президент интервьюсунда төраганын кызматтан кетиши парламентти таркатуудан сактап каларын кыйыткан. Ошондуктан, айрым байкоочулар Текебаевдин Эмгек кодексинин негизинде кетүүгө арыз берип жатышын парламентти сактап калуу чарасы катары санашууда. Кааласа ишин улантууга мыйзамдык укугу бар болчу деп санаган «Эл биримдиги» депутаттык тобунун мүчөсү Карганбек Самаков парламенттин таркаш-таркабашы Текебаевден көз каранды деп эсептебейт.

- Парламентти таратуу Конституцияда үч багыт менен гана белгиленген. Бул эки бийлик ортосундагы пикир келишпестик кризиске алып келгенде, премьер- министрди шайлоодон үч жолу баш тартканда жана өзүн өзү таркатуу демилгесин депутаттардын үчтөн экиси кабыл алганда. Башка маалда таркатууга эч негиз жок.

Президентке ыктаган «Эркиндик» саясий партиясы, тескерисинче, Текебаевдин айланасындагы чыр-чатак парламентте ушундай кырдаал түздү деп эсептөөдө. «Жаңы Кыргызстан» өңдүү санаалаш партиялар менен бирге Жогорку Кеңешти тарткатуунун Конституция көрсөткөн бардык жолдорун пайдаланууга киришкенин Топчубек Тургуналиев ишемби күнү билдирген.

Төраганын жаңы арызына муюган парламенттеги анын тилектештери болсо бул кадамды жалпысынан саясий стабилдүүлүккө умтулган саясатчынын жеке чечими деп баалашууда. Мындай пикирин «Азаттыкка» «Жибек жолу» депутаттык тобунун башчысы Эркин Байсалов айтты:

- Момундай бөлүнүү коомдун тынчтыгына коркунуч алып келиши мүмкүн да. Эгерде парламентти чынында эле Текебаевге байланыштырып таратып жиберсе, чынында эле оор кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Анан ошонун баарын ойлонуп, Өмүрбек Чиркешович ошондой чечимге келип, биздин топтон да суранды колдоп койгула деп, түшүндүрдү. Биз макул болдук.

Текебаевдин каршылаштары ал кызматтан кетмейинче парламентте кырдаал оңолбойт дешет. Ошентсе да, Текебаевдин отставка тууралуу арызына кайталап добуш берүү демилгесин өткөн апта этегинде көтөрүп чыккан депутат Зиядин Жамалдинов анын кызматтан чындап кетеринен шеги барын билдирди:

- Дүйшөмбү күнгө чейин дагы башка өзгөрүүлөр болуп кетеби, шашпай туралы. Өткөндө да депутаттар добуш берсе да, бербесе да кетем деген сөздөр чыккан. Ошого карабастан кийин калып калбадыбы.

Текебаев өзү болсо айрым депутаттык топтор менен ишемби күнү акылдашкан акыркы арызы тууралуу коомчулукка азырынча түшүндүрмө бере элек. Мурда берген эки арызынын бири күн тартибине кирбей, бири жетиштүү добуш топтой албай калган. Жабык добуш берүү жыйынтыгы боюнча парламентте сүйлөгөн сөзүндө төрага мыйзам чыгаруу бийлиги аткаруу бийлигинин алдында мөөрөй алганын кыйыткан:

- Бийлик дагы парламенттин эркин моюнга алыш керек. Бир эмес, эки жолу добушка койдук. Депутаттардын бар экендигин, элдин өкүлү легитимдүү экендигин моюнга алыш керек. Анан өзүм билемдикке салып, жок мен каалабайм деп, танктай болуп алдыга түртүнө бергенди токтотуш керек.

Текебаев парламентте ага 34 депутаттын каршы добуш беришин өтө көп деп баалап, андан тиешелүү жыйынтык чыгарарын айткан.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун оюнда Кыргызстандагы саясий кырдаал саясатчылардын жеке кызыкчылыктарынан көз каранды болуп калды. Мындай шартта бир кызыкчылыкты экинчи кызыкчылыкка алмаштырып коюудан эч нерсе өзгөрбөйт дейт. Бул аралыкта саясатчылар парламентке жаңы төраганы шайлоо маселесин кайрадан жең ичинен талкуулай башташты. Көз карандысыз айрым байкоочулар бул парламентте кризистин жаңы толкунун пайда кылышы ыктымал деп, аны бийлик бутактарынын ортосундагы жана регионалдык кызыкчылыктар менен байланыштырышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG