Бишкек. Соңку маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Эмгек Кодексинин негизинде өз арызы менен ээлеген кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Мындай чечимин ал 25-февралда парламенттеги «Жибек жолу», «Реформа» өңдүү депутаттык топтордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
Бул жөнүндө бүгүн (26-февралда) «Жибек жолу» фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди:
- Ө. Текебаевди спикерликтен кетирбей сактап калган «Жибер жолу», «Эл биримдиги» фракциялары жана башка депутаттар ишембиде чогулуп, анан Текебаев “силер кандай чечсеңер, мен ошого макулмун” деп айтты. Анан эки тарапты тең ойлоп карап көрдүк. Мындан ары да аны биз төрага бойдон калтырсак, парламенттин иши солгундай баштачудай. Анан депутаттардын ортосунда да кандайдыр бир ажырым болуп калчудай. Парламенттин стабилдүү ишин сактап калуу үчүн биздин фракциядагы депуттар: “Текебаев өз арызы менен Эмгек Кодексинин негизинде кетсе болот” деп чечишти. Аны Текебаев рахмат айтып кабыл алып, дүйшөмбүдө парламентте ушундай маанайда билдирүү жасайм деп айтты.
Жекшембиде парламент төрагасы жана анын басма сөз кызматы менен байланышып, бул соңку кабарды тастыктоого мүмкүн болгон жок.
Буга чейин, 20-февралда парламентте төраганын кызматтан чегиниши маселеси боюнча добуш берүү болуп, Өмүрбек Текебаевдин арызын канааттандырууга 4 добуш жетпей калган. Ал эми депутат Зияддин Жамалдинов добуш берүүдөн соң бир бюллетень ашык чыккандыгына байланыштуу кайрадан добуш берүү маселесин көтөрдү. Депутаттардын бир бөлүгү Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын канааттандыруу боюнча маселени кайрадан добушка коюуну талап кылышса, дагы бир топ депутаттар бул маселенин кайрадан күн тартибине киргизилишине каршы чыгышкан.
Текебаев мырзанын 7-февралдагы президентке карата айтылган сын пикиринде өтө орой сөздөр камтылган деп санаган саясатчылар анын парламент төрагасы кызматынан кетишин талап кылып келет.