Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Орусиянын Мамлекеттик думасы антитеррордук мыйзамды соңку окуудан кабыл алды


Документте зарыл учурда өлкөдө өзгөчө абал жана контртеррордук операция режимин киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган. Аскерлерге террорчулар карактап кеткен учакты атып түшүрүүгө урксат берилет. Контртеррордук операция жүргүзүлүп жаткан аймакта телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого болот. Мыйзамда көргөзүлгөндөй, адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзүлөт, бирок алардын саясий талаптары кабыл алынбайт. Документ орус парламентинин жогорку палатасы- Федерация кеңешинде жактырылып, президент Владимир Путин кол койгондон соң күчүнө кирмекчи.

XS
SM
MD
LG