Казак оппозициясынын жекшемби күнкү демонстрациясы чыр-чатаксыз аяктады. Ага расмий бийлик тарабынан тыюу салынган эле. 1000дей адам оппозиция лидерлеринин бири, "Нагыз Ак жол" партиясынын тең төрагасы, маркум Алтынбек Сарсенбаевди эскерүү ирээтинде көчөгө чыкты.
Алтынбек Сарсенбаев менен кошо жансакчысы, айдоочусунун сөөгү 13-февралда Алматынын чет жакасынан табылган. Оппозиция колдоочулары саясатчынын өлүмү үчүн күнөөкөрлөрдү жоопко тартууну талап кылышты. Жыйында президент Нурсултан Назарбаевди кызматтан чегинүүгө үндөгөн чакырыктар да айтылды.
Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин беш кызматкери, парламенттин жогорку палатасы –Сенаттын аппарат башчысы камалган. Коопсуздук кызматынын офицерлери өз алдынча же башка бирөлөрдүн буюругу менен аракеттенгени азырынча белгисиз.