Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Италиянын Турин шаарында ХХ-Кышкы Олимпиада оюндары аяктады


Бир нече саат мурда Туринде анын салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Аземге бир катар мамлекеттердин башчылары, алардын арасында, Италиянын премьери Сильвио Берлускони катышты. Театралдаштырылган оюнга 2 миңден ашуун ырчы, бийчи, акробаттар менен клоундар тартылышкан. Ал эми стадиондун коопсуздугун 3 миңдин тегерегинде полисмен коргоп турду. “Азаттыктын” Туриндеги спорттук кабарчысы Кабыл Макештин айтымында, Олимпиада оюндарынын жыйынтыгы боюнча медалдардын жалпы саны боюнча Германия 11 алтын, 12 күмүш жана 6 коло медалы менен биринчи орунга чыкты. АКШ экинчи орунду ээлеп, 9 алтын, 9 күмүш жана 7 коло медал утуп алды. Австрия үчүнчү орунда. Анын кампасында 9 алтын, 7 күмүш жана 7 коло байге бар.

Төрөкул Дооров, Прага

XS
SM
MD
LG