Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

КУШ ЫЛАҢЫНЫН ЖАЙЫЛУУСУ ЧАРА КӨРҮЛГӨНҮ МЕНЕН ТОКТОГОН ЖОК


Европа менен Азияда дүйнө өкмөттөрү улам бир өлкөдө катталып жаткан канаттуунун сасык тумоосунун вирусу жайылуусун токтотуу аракетин көрүүдө. Анткен менен вирустун тароосу уланып жатат. Дүйнөнүн калкы боюнча эң көп өлкөсү - Кытай жазда, жапайы куштар жер которгон учурда анын жайылуу ыргагы тездеши мүмкүн экенин эскертти.

Жекшембиде Кытай ушул жазда жапайы канаттуулардын жер которуусу учурунда, илдет тез жайылып кетүүсү ыктымал экенин эскертти. Андыктан өлкөнүн айыл- чарба министри Ду Цзинлиндин айтымында, буга күчөтүлгөн даярдыкта туруу керек. Министр белгилегендей, былтыр Кытайда илдет 32 чөлкөмдө чыгып, 165 миңге жакын канаттуу кырылган. Ушул ишемби күнү Кытай канаттуунун сасык тумоосун дагы эки адам жуктурганын ырастап, алардын саны октябрь айынан бери 14 жетти.

Мунун аралыгында Азиядан Жапония менен Гонконг Франциядан канаттуу продукциясын, анын ичинде эти менен ички органдарын импорттогго тыюу салды. Франциянын өзүндө болсо бийликтер, эл арасындагы коркунучту басаңдатуу аракетин көрүүдө. Анткени ишемби күнү француз бийликтери канатуунун сасык тумоосунун биринчи ирээт индук фермасынан табылганын ырасташты.

Илдет Францияда өткөн аптада эле катталган. Бирок анда жапайы куштар арасында чыккан болчу. Франциядагы окуя менен канаттуунун сасык тумоосу Евробиримдиктин аймагында тоок фермасында алгачкы ирээт орун алып олтурат. H5N1 вирусу азырынча Евробримдиктин Франциядан башка жети өлкөсү: Австрия, Германия, Греция, Венгрия, Италия, Словакия, Словенияда катталган. Анткен менен Евробиримдиктин саламаттыкты сактоо комиссары Маркос Куприяну дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин айтат. 24-фералда Вена шаарында өткөн чукул жыйындан кийин ал мындай деди:

-Биз реалист болушубуз керек. Вирус азыр баардык жерде экенин, жапайы куштар аркылуу тарап жатканын эске алганда, бул проблема келечекте да кандайдыр бир мезгил аралыгында сакталат. Андыктан Европанын коопчулугу эч кандай дүрбөлөңсүз, ашыкча тынчызданбастан жашоого үйрөнүшү керек.

КМШ өлкөлөрүнөн Орусиянын Дагестан республикасында канаттуунун сасык тумоосуна байланыштуу карантин жарыяланды. Вирус,"Интерфакс" агенттигинин билдиргенине караганда, республиканын беш шаары менен 10 районунда оорулуу же кырылган тооктордон табылган.

Ал эми Грузияда бийликтер Аджар автономиясынын аймагындагы 11 кыштакта үй канатууларын түгөл кырууга көрсөтмө беришти. Анткени ал кыштактардын баары 24-февраль күнү ак куулардын өлүгү табылган жерден үч чакырымдай аралыкта жайгашкан.

Дүйнөнүн калкы эң көп экинчи өлкөсү - Индиянын айрым штаттарында да үй канаттуулары жок кылынууда. Индиядан илдет алгач батыштагы Махараштра штатынан чыккан.

Канаттуунун сасык тумоосунан азыркыга чейин дүйнөдө 90дой киши мерт болду. Көпчүлгү - Азия мамлекеттеринин тургундары. Алардын баары оруулуу канаттуулар менен жакындан аралашып жүргөн деп эсептелет. Бактыга жараша, вирус адамдан –адамга жуккан учур боло элек. Бирок адистер мындай коркунуч бар деп кооптонушат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG