Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

БУУнун АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИССАРЫ ТҮНДҮК КАВКАЗДА “КОРКУНУЧТУН ДЕМИ” КҮЧТҮҮ ДЕП ОЙЛОЙТ


Төрөкул Дооров, Прага. Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Луиза Арбур 20-февралдан тарта төрт күн бою Орусиянын Түндүк Кавказ регионунда болуп, Ингушетиядагы жана Чеченстандагы адам укуктарынын абалы менен таанышып чыкты. Жума күнү Москвада сүйлөгөн сөзүндө ал Ингушетиядагы чеченстандык качкындарды бийликтер кайра мекенине кайтууга мажбурлап жатышканы, айрым жерлерде дале зордук-зомбулук болуп атканы жалпы эле аймакта: “коркунучтун өкүмү” сүрүп турганынан кабар берет”, - деп билдирди.

Орусиянын түштүгүндөгү республикалардын ал-ахыбалына кыжаалат болуп жүргөн батыштык жогорку деңгээлдеги чиновниктер бул регионго өтө сейрек келишет. Мына ушундай сапардын биринен кийин Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиза Арбур аймакта айрым жылыштар болуп жатканын белгиледи. “Ошол эле учурда олуттуу кемчиликтер дале бар”, - деди ал.

Түндүк Кавказга сапарын Ингушетиядан баштаган Арбур ал жерде жергиликтүү бийликтер менен көрүшүп, качкындар лагеринде болду. Мында качкындар өз мекенине кайтышы үчүн күч колдонулуп жатышы, Арбурдун айтымында, лагердеги башкы проблема.

Ал, ошондой эле, Кремль үчүн баш оорутма темага айланган Чеченстан жөнүндө да оюн билдирди.

- Мен чечен бийликтери менен сүйлөшүп жаткан учурда чеченстандыктарда алардын укуктук коомдо жайчылык турмушта жашоого үмүт-максаттарын колдогон достору дүйнөдө көп экенин баса белгиледим. Мен, ошондой эле, Чеченстанда көптөн күткөн кайра куруу иштери толук жүрүп жатканын, өзгөчө Грозныйда иш күчөгөнүн айттым, - деди Луиза Арбур.

Улуттар уюмунун комиссары Орусиянын президенти Владимир Путин менен да көрүшүп, бул темада кең-кесири сүйлөшө алгандай болду. Путин ошол жолугушуу учурунда Арбур айымды адам укуктары маселесин саясатташтырбоого чакырып, Орусия бул жаатта ансыз деле көптөгөн эларалык уюмдар менен жигердүү иштешип келатканын айтты.

Ал эми Арбур Чеченстанда адам укуктары дале орой бузулуп жатканын, жергиликтүү бийликтер болсо “кызыл камчыга салуу саясатынан мыйзамдуулук саясатына” өтө албай жатышканын баса белгилей кетти.

- Менин пикиримде, эки көрүнүш өзгөчө тынчсыздандырат. Булар: адамдын оозунан маалыматты сууруп алуу үчүн анын таш талканын чыгаруу аракеттери болуп жатканы жана чиновниктерге каршы даттанып жаткандарга коркунуч келтирилиши болуп жатат. Менимче, дал ушул эки көрүнүш бул аймакта жөн эле көбүртүлүп айтылган сөз эмес, алар чыныгы турмушта орун алып жатышы кыжаалатка салат, - деди Улуттар уюмунун комиссары Луиза Арбур.

Соңку он жылдан ашуун мезгилден бери бул сепаратисттик согуш учурунда 10 миңдей орусиялык аскер, дагы 100 миңдин тегерегинде жеригиликтүү тургун кырылып жок болду.

XS
SM
MD
LG