Жогорку Кеңештеги «Жибек жолу» депутаттык фракциянын өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев парламенттеги саясий кырдаалды курчутууга, бийлик бутактарынын ортосунда кризистик абалдын түзүлүшүнө жол бербөө үчүн өз каалоосу менен кызматынан кетүүнү чечти деп билдиришти.
Депуттардын бир бөлүгү Өмүрбек Текебаевдин өз арызы менен төрагалык кызматынан кетишин туура саясий кадам катары баалашты. Бул тууралуу депутат Айдар Керимкулов:
Текебаев чыныгы саясатчы катары туура кадам жасады. Саясатчы мындай татаал кездерде, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы болгондо, өз кызыкчылыгынан өйдө боло ала тургандыгын көрсөтүшу керек. Мен ойлойм, ал мындай чечимге ошондой ой менен келди. Биринчиден, палатанын аброюн сакташ керек эле. Экинчиден, берген сөзүнө туруш керек эле. Палата иштеши керек. Парламент өзүнүн милдетин аткарып, ишке ашырыш керек. Мындай жоопкерчиликтүү убакытта бийлик бутактары бир компромисске келип иштеши керек. Ошонун негизинде менимче, Өмүрбек Чиркешович туура чечимге келди ..
Айрым депутатардын көз карашында, Өмүрбек Текебаевдин төрагалык кызматтан кетишине анын арызын канааттандыруу боюнча 20-февралдагы добуш берүүдө 34 депутаттын аны төрагалык кызматтан кетүүсүн каалагандыгы да белгилүү өбөлгө болду. Мындай пикирди айрым саясий партиялар да билдиришүүдө. «Менин өлкөм» партиясынын жетекчилеринин бири Курманбек Дыйканбаев буга байланыштуу:
Биринчи жолу добуш берилгенде, Текебаев айтпадыбы эле, 34 депутат мага каршы добуш берди, бул мен үчүн чоң сыноо деп. Ошондуктан, анын отставкага кетиши компромистүү жол болду деп ойлойм. Эми азыр элге тынчтык керек. Ошондуктан, менин пикиримде Текебаевдин отставкага кетүү жөнүңдөгү чечими азыркы кырдаалда туура болду деп эсептейм .
Өмүрбек Текебаевдин кызматынан кетишин Ак үйдүн кысымына байланыштырган көз караштар да бар. Бул жөнүндө депутат Кабай Карабеков мындай дейт:
Текебаев мындай кадамга барууга мажбур болду. Анткени, аткаруу бийлиги тарабынан кысымдар азыркыга чейин токтотула элек. Спикер биз менен да акылдашты. Ал өзүнүн төрагалыктан кетүү чечимин бийлик бутактарынын ортосундагы конфронтация жок дегенди билдирүү үчүн кабыл алды. Ак үй
каалаган конфронтация азыр мамлекетке кереги жок .
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо парламенттин ишине президенттик администрация кийлигишет деген маалыматтарды четке какты:
Президенттик администрация парламенттин ишине кийлигишпейт. Буга чейин да кийлигишкен эмес. Парламенттин төрагасын шайлоо да – бул парламенттин ички иши. Ага эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок. Мен муну баса белгилеп койгум келет .
Коопсуздук Кеңештин төрагасы Мирослав Ниязов болсо Өмүрбек Текебаевдин кызматынан кетүү жөнүндөгү чечимин ойлонулуп, салмактап кабыл алынган чечим деп билдирди.
- Туура чечим кабыл алды деп ойлойм. Эми чыңалуу анын күнөөсү менен пайда болбодубу. Анын айткан сөздөрү мамилелерди курчутууга алып келди. Саясатчы болгондон кийин чечимдерди кабыл алууну билиш керек ,- деди Мирослав Ниязов.