Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Белгилүү кино ишмерлер мушташып кетишти


«Кыргыз кино» концерндин жетекчиси Замир Эралиев тарабынан эч себепсиз ур токмокко алынгандыгы тууралуу белгилүү кинорежисер Актан Арым Кубат 27-февралда билдирди. Анын айтымында, Замир Эралиев менен ич ара тирешүү бир жылга чукулдап калган. Ага кыргыз видеокомпониясына Замир Эралиевди жетекчи кылып дайындоодо Актан Арым Кубаттын сын-пикирлери себеп болгон.Учурда Актан Арым ооруканда дарыланып жатканын кабарлап, Эралиевдин үстүнөн сотко кайрылаарын билдирди.

АБА ЫРАЙЫ

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 28-февралда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Жалалабат жана Ош облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5 градус.
Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз +1...+6 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз +3...+5 градус.

Бурулкан Турдуева, Аманбек Жапаров

Редактор Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG