Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

ОРУСИЯГА ДОГУРУНУП КЕЛИП АЛЫП АТКАН ИММИГРАНТТАР АБАЛЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Санкт-Петербургада 24-февралда карасанатайлар тараптан кол салынып, бычак жеп көзү өткөн Айнур Бөлөкбаева жана анын теңтушу ал да бычак жеп азыр ооруканага түшкөн Дельфуза Бабаева тууралуу агенттиктер ар кыл маалымат тарката баштады. Москвада Кыргызстандын консулу билдиргенге караганда экөө тең Кыргызстандын жарандары жана бир нече жылдан бери Петербургда мыйзамсыз жашап келишкен. Калинин райондук прокуратурасы ал окуя боюнча «киши өлтүрүү» беренеси астында кылмыш ишин козгогон.

Орусиянын мамлекеттик сыналгылар бири - «Вести» алдыңкы күнү кечинде маалымдагандай, Петербургда эки жылдан бери жашылча жемиш сатчу дүкөндө иштеп келген Айнур Бөлөкбаева менен анын теңтушу Дельфуза Жангырова жекшемби күнү үч белгисиз тараптан бычакталып, Айнур ошол жерде жан берип ал эми Дельфузаны ал калаадагы Аскерий-медициналык Академияга жеткиришкен. Анын абалы доктурлар айтканга караганда дурус. Ушул окуя түрткү болуп Кыргызстандын Маскөөдөгү консулу Төлөн Тургунбаевди кепке тартык:

Тургунбаев Төлөн: - «Экөө тең биздин жарандар. Орусияда ушул кезде 300 миңден 500 миңге чейин биздин жарандар жүрөт деп айтылат. Албетте, ушундай чоң санда кыргыз жарандары Орусияда жүргөндөн кийин ушундай кайгылуу окуя да болбой койбойт экен. Биздин эки жаш кызыбыз ошондой абалга дуушар болушту. Бирөө тилекке каршы каза болуптур, экинчиси оор жарадар болуп госпиталда жатат», - дейт Кыргызстандын консулу.

Маскөөдө иштеп аткан кыргызстандыктар абалын биз телефондошкон Абдыганы Шакировдон уктук. Ал уландын баамында Санкт-Петербургда улутчул маанайдагы жаштар жеринен көп болушу буга себепкер болууда:

Шакиров Абдыганы: - «Питерде улутчул жаштар же скинхэддер уюму көбүрөөк өнүккөн Москвага караганда», - дейт ал.Бирок Орусияда бизге ошончо эле жаман деле эмес деген шааниде кеп баштады. Ошондон улам мисалдар билесизби деген биздин суроого Абдыганы мындайча жооп берди:

ША.: - «Москванын Ивановский деген микрорайону бар. Ошол жерде кырктай кыргыз ЖЭКте иштешет. Алар иштегенге эки жылга айланып баратат. Ошол ЖЭКтин жетекчисинин кылган жакшылыгын, кыргыздарга көрсөткөн жардамын мен билемин. Кыргыздарга жакшынакай шарт түзүп берүүдөн баштап, иштегенге уруксат алып бергенге чейин аракет жазайт. Кыргыздардын майрамы болгондо баарын чогултуп майрамы менен куттуктап, алдыңкы жумушчуларга белек берип жакшы мамиле кылган кишини мен билем».

Аты-жөнүн айта кетпейсизби деген биздин суроого: «Аты-жөнүн айта албайт экенмин. Себеби мен аны менен иште тааныш эмесмин. Ал жерде менин классташ досум иштейт. Ошонун айтуусу боюнча билемин», - деди Шакиров мырза.

Анализчилер чөйрөсүндө кепте Басман базарынын төбөсү түшкөндөн тартып мигранттар маселеси Орусияны гана толгонтпой бул өлкөгө эли качып келип аткан жумуритяттар бийлигин да ойлонтуучу иш болушу керек дешет. Орусия канчалык сыртын салбасын өздөрүнчө келип алып аткан мыйзамсыз мигранттар акыркы күндөрү орусиялык бийлик башоорусу болгонун Мамдума депутаты Николай Куринович айтат: «Орусияга жардылыкка чактыргандар, адистиги төмөн, догурунуп келип алган кул, күңдөрдүн керги жок», - дейт.

Кайсы бир анализчилер: «бул Орусиянын тышкы саясатында мурдагы советтик алкакта таасирин жайылтсам аракетинен улам болуп атат. Ошондон улам азыркы бийликтин «көз ымдоосун» жаңыдан пайда болгон өлкөлөр жарандары чын эле бизди Маскөө жакын көрөт турбайбы деп ылым санап, ага чындап ишенгендиктен качып келип атышат», - дешет.

XS
SM
MD
LG