Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КАЗАК САЯСАТЧЫСЫНЫН ТҮБҮНӨ ЖЕКЕ КАСТЫК ЖЕТТИБИ?


Казакстанда бийлик оппозициянын таанымал лидери Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө көрсөтмө берген адам катары парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын кеңсе башчысы Эржан Үтөмбаевди атады. Бул тууралуу расмий түрдө дүйшөмбү күнү жарыяланды. Бирок оппозиция өкүлдөрү, маркум Сарсенбаевдин туугандары менен катар айрым байкоочулар да расмий тергөөнүн жогорудагыдай баштапкы жыйынтыгынан күмөн санашууда.

Кезинде президент Нурсултан Назарбаевдин командасында жүрүп, өлкөнүн маалымат министри, Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматтарында иштеп, оппозицияга 2003- жылы өткөн Алтынбек Сарсенбаев менен кошо анын жаксакчысы, айдоочусунун сөөгү 13-февралда Алматынын чет жакасынан табылган эле. Алар аркасынан жана башынан ок жешкен. Казакстандын ички иштер министри Бауржан Мухамеджановдун билдиргенине караганда, Сенаттын кеңсе башчысы Эржан Үтөмбаев Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө ага болгон жеке кастыгынан улам көрсөтмө берген:

Өлтүрүүгө буйрук берген адам - Сенат кеңсесинин мурдагы башчысы Эржан Үтөмбаев. Сарсенбаев республикалык гезиттердин биринде аны терс жагынан мүнөздөгөн макала жарыялагандан кийин алардын мамилеси кескин начарлап кеткен. Бул макала чыккандан кийин Эржан Үтөмбаев, анын сөзүнө караганда, кызмат тепкичинен тез ылдыйлаган. Бул үчүн Сарсенбаевди күнөөлүү деп эсептегендиктен, ал узактан бери өч алуу оюнда жүргөн.

Казак ички иштер министри Сарсенбаевдин өлүмүнүн артында турган адам катары атаган Эржан Үтөмбаев мурда өкмөттүн вице премьер-министри, президенттик администрация башчысынын орун басары кызматтарында иштеген болчу.

Ал 21-февраль күнү, ооруканада жаткан жеринен камакка алынардын астында, Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин "Арыстан" деп аталган атайын бирикмесинин беш кызматкери да кармалды. Бул окуядан соң аталган комитеттин төрагасы Нартай Дутбаев кызматтан чегинди.

Казак ички иштер министринин айтымында, Эржан Үтөмбаев Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүнү ишке ашыргандарга төлөө үчүн банктан 60 миң доллар насыя алганын сурак учурунда моюндады. Министр кошумчалагандай, өлтүрүүнү ишке ашырууга мурда укук коргоо мекемелеринде иштеген Рустам Ибрагимов атуу адам жетекчилик кылган. Ал эми коопсуздук комитетинин кызматкерлери Сарсенбаевди уурдоону уюштурушкан.

Жекшемби күнү Алматыда оппозиция жактоочулары Алтынбек Сарсенбаевадин өлүмү боюнча тергөөнү адилет жана ачык жүргүзүү талабы менен ири демонстрация өткөрүшкөн эле. Дүйшөмбү күнү ушундай эле талап менен Алматы шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдына ондогон адамдар барды. Казак оппозициясы тергөөнүн баштапкы расмий тыянагынан күмөн саноодо. "Адилет Казакстан үчүн" кыймылынын лидери, казак парламентинин мурдагы төрагасы, көп жыл Башкы прокурордун кызматында иштеген Жармахан Туякбай мындай дейт:

-Aлтынбек Сарсенбаев Үтөмбаев кек сактап кала тургандай бир нерсе айткан да , жазган да эмес. Маселе ошол шектелип жаткан адамдар азыр өлүмгө тиешеси бар экенин кантип моюнга алганында. Тилекке каршы Казакстанда кылмышка эч тиешеси жок эле адамдар моюнга алган учурлар көп кездешет. Мен бул иште да ушундай жагдай болот го деп кооптонуп турам.

Расмий жоромолго ишене албасын маркум Алтынбек Сарсенбаевдин бир тууган агасы Рыспек Сарсенбаев да айтат. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Алматыдагы кабарчысына мындай деди:

-Мындай жомокко мен гана эмес, мени неберем да ишенбейт. Бул кылмыш толук ачылган жок. Анын бетин ачууну эч ким каалабайт дагы.

Айтор Алтынбек Сарсенбаевдин кызматташ, пикирлештери, туугандары гана эмес айрым көз карандысыз эксперттер да анын өлүмүнүн жүйөөсү боюнча расмий бийликтин түшүндүрмөсүнө ынанкырааган жок. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, соңку окуялар бир ок менен эки коён атууга багытталгандай. Бир жагынан бийлик оппозициянын башкы стратеги деп саналган Сарсенбаевден кутулду. Экинчи жагынан президент Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бийликтин ичиндеги атаандаштарынан арылууда:

-Нуртай Абыкаевге багытталган катуу чабуул өзгөчө көңүл бурат. Ал узактан бери Нурсултан Назарбаевдин жакынкы айланасындагы таасирлүү адам катары эсептелчи. Ал эми Абыкаевдин тобуна Коопсуздук комитетинин кызматтан чегинген төрагасы Нартай Дутбаев, камакка алынган Эржан Үтөмбаев кирет. Алар президенттин улуу кызы Дарига жана күйөө баласы Рахат Алиев менен чатакташып жүргөн. Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнөн кийин элитанын бул атаандаш эки тобунун ортосунда өз ара катуу таймаш жүрүп жатканын байкоодобуз.

Казак президентинин улуу кызы, парламент депутаты Дарига Назарбаева Сенаттын төрагасы Нуртай Абыкаевдин анын кеңсе башчысы камалган соң кызматтан кетүүгө чакырды. Сенаттын төрагасынын отставкасын, оппозиция да талап кылган эле. Себеби, анда тергөөгө таасир көргөзчүдөй бийлик бар. Бирок казак оппозициясы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө Дарига Назарбаев менен анын күйөөсү, азыр тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеген Рахат Алиевдин кандайдыр бири тиешеси бар жана алар да суракка алынышы керек деп эсептейт. Казак ички иштер министри Бауржан Мухамеджанов болсо дүйшөмбү күнү пресс-конференцияда Сарсенбаевдин өлүмүнө президенттин күйөө баласынын катышы бар деген маалыматтар чындыкка коошпосун белгилеп, четке какты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG