Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ЭМИ ИРАКТЫН БААЛУУ ИЛИМИЙ МАТЕРИАЛДАРЫН ИНТЕРНЕТТЕ ОКУГАНГА МҮМКҮН БОЛОТ


Төрөкул Дооров, Прага. АКШдагы абройлуу жогорку окуу жайлардын катарында турган Йель университети өзүнүн бай жыйнагындагы ирактык илимий журналдарды эми дигиталдык форматка көчүргөнү жатат. Максат – ал материалдарды жалпы эле дүйнөдөгү окумуштуулар менен студенттерге окуу үчүн ыңгайлаштыруу. Бул долбоор өтө маанилүү аракет, анткени Иракта 19-кылымдан бери илимий жаатта өтө баалуу материалдар басылып келген. Ошентсе да бүгүнкү күнгө дейре арап тилинде чыкчу көптөгөн мезгилдүү басылмалар окурмандарга жакшы жете бербейт.

Бенжамин Фостер – АКШнын Коннектикут штатындагы Йель университетинде “Вавилон жыйнагынын” башчысы жана чыгыш таануу боюнча америкалык көзгө басар окумуштуулардын бири.

Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Ирактагы китепканалар менен илимий жыйнактар дээрлик толугу менен тыптыйпыл кылынып, кыйсыпыр болгонун билдирди. Андыктан ал жерде илимий иштерди жүргүзүү да мүмкүн болбой калды.

- Ирактагы илимий чыгармалардын азыр көпчүлүк бөлүгү же уурдалып кетти, же өрттөнүп жок болду, же, жок эле дегенде, окуп болбой турган абалда тытылып калган. Ошондуктан азыр баарыбыздын алдыбызда “Ирак маданиятынын келечеги кандай болот?” деген адилет суроо турат. Анын үстүнө Ирак өтө жаш мамлекет, анын калкынын басымдуу бөлүгүн 21 жашка чейинки эне сүтү оозунан кете элек жаштар түзөт. Бизди ушул муундун келечеги аябай кыжаалатка салат. Анткени, алар кайсыл материалдарды колдонушу керек?, - дейт америкалык чыгыш таануучу профессор Бенжамин Фостер.

Мына ушул проблемаларды чечүүгө жасалган бир аракет катарында Йель университети “Ирак жыйнагы” аттуу жаңы долбоорду ишке киргизгени турат. Эми АКШ өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен 100 миң беттен турган макалар топтому, же Ирактагы маанилүү эсептелген 12 илимий журнал толугу менен электрондук форматка көчүрүлөт. Ал журналдар, негизинен, гуманитардык окуулардан, алардын ичинде, тарых, адабият жана саясий басылмалардан, турат.

Жаңы дигиталдык форматка Йель университетинин өзүндө сакталып турган ирактык журналдар эле эмес, Пенсильвания университетиндеги басылмалар да өткөрүлмөкчү. Ал материалдардын баарын кийин интернеттен оңой эле окуганга мүмкүн болчудай.

Профессор Фостер: “Мезгилдүү басылмаларды электрондук форматка көчүрүү өзү Батышта анчалык деле кеңири белгилүү болбогону менен, илимдин өнүгүшү үчүн мааниси зор”, - дейт.

- Бир четинен, биз Иракта электрондук коммуникация ишке кирип, анын тургундарында дүйнөлүк маалымат уюлуна киргенге мүмкүндүк пайда болгонго чейин ал материалдарды интернетке жүктөп койгонго ашыгып жатабыз. Дагы бир четинен, ал материалдарда Ирактын көз-карандысыз мамлекет катарында кечээки турмушу, бай тарыхы жөнүндө кеңири маалымат берилмекчи. Бул, өзгөчө, Европадагы, АКШдагы жана Латын Америкадагы окумуштуулар үчүн кызыктуу болот ко, - дейт Фостер.

Анын ишениминде, долбоордун иши эларалык коомчулукта чоң кызыгууну пайда кылат, анткени Ирак дайыма Мусулман дүйнөсүндөгү интеллектуалдык жандуу коомдун борбору болуп келген.
XS
SM
MD
LG