Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы өңчөй жайчылык максатты көздөйт деп толук кепил боло албайт


Бул туралуу Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик (МАГАТЭнин) башчысы Мухаммад Эл Барадей дүйшөмбүдөгү отчетунда билдирди. Анда айтылгандай, соңку үч жылдан бери агенттиктин аракеттерине карабай, баары бир Ирандын атомдук программасы боюнча көп суроолор жоопсуз калып жатат.
6-мартта МАГАТЭ Иран маселесин карап, аны Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине өткөрүү берүү керекпи-жокпу деген суроого чекит коюшу керек. Ал эми Тегерандын уранын Орусиянын аймагында байытуу боюнча иран-орус сүйлөшүүлөрү бүгүн Москвада улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG