Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕГАРАСЫНДА АСКЕРЛЕР ТЫМЫЗЫН БАЙКООГО АЛЫНАТ


Баткен облусунда кыргыз жана өзбек чегарачылары, бажы кызматкерлери бийлик башчылары тарабынан тымызын текшерүүгө алынмай болду. Сох анклавындагы өзбек чегарачыларынын кысым-кыйноолоруна нааразылык токтобой жаткандыктан, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү ушундай чаралар аркылуу мыйзамсыз аракеттерди токтотуу жөнүндө чечимге келишти.

100гө жакын жергиликтүү айдоочулар 27-февраль күнү өзбек чегарачыларынын мыйзамсыз аракеттерине нараазылык билдирип облустук акимчиликтин алдына келишти. Алар, айрыкча Сох анклавында чегарачылар айдоочуларды кыйнаган фактылар көп болуп жатканын билдиришти. Эгер бийлик чегарадагы кырдаалды тартипке салбаса айдоочулар Апкан, Бүргөндү жактан Өзбекстандын жолун өздөрү тосуп саларын эскертишти.

- Бишкек-Ош жолдорунда каттаган таксилер келди. Сохтон өтүшүбүз кыйын болуп атат. Чегарачылар жарым, бир саат кармап атышат, чөңтөгүңдө, сумкаңда эмне бар дешип, ич кийимиңе чейин текшерип атышат. Кыз-келиндердин өтүшү кыйын болуп атат. Ошого арызданып келдик. Өзүлөрүн ошентип чечиндирип көрөлүчү эмне болушар экен, - деди айдоочу Али Абдуллаев.

Айдоочулар карапайым эле тоскоолдуктарга кабылып өтө албай жаткан учурда атка минер чиновниктер өздөрү эч тоскоолдуксуз өтүп жатканын белгилешти.

Айдоочулар чегарадагы өзбек аскерлеринин кысымга алган фактылары тууралуу буга чейин да арызданышкан экен. Ошол арыздын көчүрмөсү Сохтогу өзбек чегарачыларынын колуна тийип, алар ошол арызга кол койгондорду тизме аркылуу аныктап түрдүү кысымдарга алып жатыптыр. Бул жөнүндө өзүн атагысы келбеген Баткендик айдоочу айтып чыкты.

- Биз ушуну менен үчүнчү ирет келишибиз. Таштемир Эшалиев дегенге үч жолу арыз тапшырганбыз, кагаз жүзүндө да бергенбиз, аны прокуратурага берген экен. Прокуратура катты Сохко алып барып берген экен, эми бизди ошо арыздангандардын тизмеси аркылуу кыйнап жатат.

Баткен облустук прокуратура башчысы Рыскул Бактыбаев өз кезегинде мыйзам жолу менен Өзбекстандын аймагында эч кандай аракет жүргүзө албастыгын, бирок колдон келген ишти кыла турганын билдирди.

- Аларга дипломатиялык жол менен катты жөнөтүп атам, силер арызданган экенсиңер, губернатор бизди жиберди деп барып, алардын өкүлдөрүн чакырабыз, мындай болуп атыптыр, жолду тоспогула деп ачык сүйлөшөбүз.

Баткен губернаторунун көрсөтмөсү менен облустук жана райондук бийлик башчылары нараазылык билдирип келген айдоочулар менен кошо Сох анклавына барып, өзбек тарап менен чатактын чо жайын териштирип келмей болушту.

Ошол эле 27-февраль күнү кечинде Сох анклавына кире бериштеги «Шаркабат» өзбек чегара бекетинде өткөн эки тараптуу сүйлөшүүгө, Баткен облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев, чегара бөлүгүнүн командири Чолпонбек Буржуев, jблустук жана райондук ички иштер башчылары, Баткен районунун Акими Алияр Имаров жана баткендик айдоочулар келишти. Сүйлөшүүгө өзбек тараптан чегара башчысы Акбаров, Сох райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Фарух Урунбаев, Сохтогу коопсуздук кызмат өкүлү Юлдашев жана Сох бажы кызмат башчылыгынан Шухрат Каюмов катышты.

Айдоочулардын айткандарын уккандан кийин Сох чегара башчысы Акбаров, мындан ары бекеттерде өзгөрүү болот, эгер болбосо эки тараптуу атайын жашыруун операция өткөрөбүз деп билдирди.

XS
SM
MD
LG