Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

БАТЫШ ЕВРОПАНЫН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КООПСУЗДУГУ «ГАЗПРОМДУН» КОЛУНДА


Батыштын “энергетикалык коопсуздугу” Москвага да көз каранды экени, жыл башында Россия менен Украина ортосунда болгон газ чатагы көрсөттү. Кремлдин ыкласы менен башталган чатакта негизги оюнчу өкмөттүк “Газпром” компаниясы болду. Талдоочулардын боолгошунча, 2020-жылы Батыш Европанын газ рыногунун кеминде 60 процентин контролдоп калат.

“Газпром” дүйнөдөгү эң чоң газ компаниясы. Январдын ортосунда Лондондун баалуу кагаздар биржасында “Газпромдун” акцияларынын баасы 13 процентке кымбаттагандан кийин, ал дүйнөдөгү онунчу чоң компанияга айланды.
Европа азыр мунай менен газды негизинен Норвегиядан, Перс булуңундагы өлкөлөрдөн жана Россиядан алат.

Украина менен Россия ортосунда жыл башында газдын баасына байланыштуу чыккан чатак, Батышты башка да отун булактарын издөөгө аргасыз кылды. “Азаттык” радиосунун эксперти Роман Купчинскийдин айтышынча, европалыктар көгүлтүр отунду Түндүк Африкадан да алса болот:

-Газдын альтернативдүү булагы катары Алжир менен Египетти атаса болот. Бирок, газды ал жактан ташып келүү кымбатка түшөт жана кемелер менен чектелүү гана өлчөмдө ташуу мүмкүн.

“Газпром” азыр Чыгыш жана Ортолук Европанын мунай-газ рыногунун олчойгон бөлүгүн контролдоп турат. Алсак, Мажарстандын “Panruyazgaz” жана Польшанын EvRoPolGaz компанияларын теңшерик башкарат. “Газпромдун” үлүшү Латвиянын Latvias gaze компаниясында 25 процентти, Эстониянын AS Esti Gaas жана Литванын Stella Vitae компанияларында -30 процентти түзөт.
“Газпромдун” адистери 15-жылдан кийин Европа 70 процент газды тышкы базардан сатып алып калат деп боолгошот. Ал эми Роман Купчинский 2020-жылы Европа отун энергиясынын 60 процентин тыштан ташып калаарын жана жыл сайын Батыш Европанын мунай-газ рыногундагы Россиянын таасири өсүп баратканын белгилейт:

-Батыш Европанын отун рыногундагы Россиянын үлүшү жыл айланып көбөйүп барат. 2020-жылы европалыктар керектеген отундун 60 проценти Россиядан ташылып калат. Мен-мындай шартта, “Газпром” Батыш Европанын отун-энергия рыногун контролдоп калат деп айтаар элем.

Европанын отун-энергия рыногунун теңин “Газпром” контролдоп калган шартта, бул өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугу Москвага түздөн-түз көз каранды болору талашсыз.

XS
SM
MD
LG