Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

ЖОРЖ БУШ ИНДИЯ МЕНЕН ПАКИСТАНГА БЕШ КҮНДҮК ВИЗИТИН БАШТАЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 1-мартта АКШнын президенти Жордж Буш Пакистан менен Индияга беш күндүк иш визитин баштайт. Индияда Буш бул өлкөнүн ядролук программасына байланышкан маселелерди талкуулап, муну менен АКШ менен Пакистандын ортосундагы алакаларды бекемдөөгө аракеттенери күтүлөт. Ошону менен бирге эле талкууга Пакистан менен Индиянын ортосундагы Кашмир талаш маселеси койулаары болжолдонот.

Жакында Америка Кошмо штаттары Индиядан аскердик жана жарандык атомдук программмаларын бири-биринен ажыратып, бөлүп чыгуусун талап кылды. Эгерде Индия буга көнсө, өлкөнүн жарандык маанидеги атомдук обьектилери эл аралык инспекция үчүн ачылмакчы.

Бирок Индия жарандык обьекттерге эл аралык инспекцияны киргизүгө ниеттүү эмес. 24- февралда Буштун Улуттук коопсуздук кеңешчиси Стивен Хадли бул маселеде Вашингтон менен Нью-Делинин жакындашуусу мүмкүн экенине ишенет.
Аскердик жана жарандык атомдук обьекттерди бөлүү маселесинде орток келишимге жетишүү үчүн эки тарап тең Буштун визитинен пайдалана алаарына үмүттөнөбүз. Биз бул келишим эки тарапты тең, анын катарында, АКШ Kонгресси, жана орток программаны камсыз кыла турган топтун ой-максатын ынандырган макулдашуу болооруна жана андай макулдашуу Буштун визитен чейин жетишилерине үмүттөнөбүз,- деп билдирди Буштун коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Хадли.

Бирок Конргесстин айрым өкүлдөрү андай келишим анчейин дэле чоң мааниге ээ боло албайт, деген пикирде. Күн тартибине Индиянын ядролук куралдары жөнүндөгү маселенин өзү койулмайынча, анын айрым атомдук обьектилерин инспекциялоодон майнап чыкпайт, дешет алар.

Ошону менен бирге эле Буштун визити учурунда Индия менен Пакистандын ондогон жылдардан берки талаш алмасы Кашмир жаңжалы да талкууга алынат. 26-февралда Пакистандын телевидениесине берген интервьюсунда Буш эки тарапты тең жаңжалды жөнгө салууну улантууга чакыра турганын айтты.

Бирок Вашингтондогу Бруклин саясий изилдөөлөр институнун кызматкери Стивен Коен Кашмир маселеси чечилүүдөн али алыс экенин баяндайт. Коендин айтымында, Пакистан бул талаштуу маселенин АКШнын кийлигишүүсү менен чечилүүсүн каалайт, Кашмир жаңжалын чечүүдө Пакистан сунуштарынын сөзсүз этибарга алынуусун каалайт, ал эми Индия болсо, тескерисинче, бул маселе эки өлкөгө гана тиешелүү суроо деп эсептейт.

-Индиянын стратегиясы- Пакистандын позициясын этибарга албастан, өзүнүн Кашмир регионундагы калкы менен сүйлөшүү. Андай сүйлөшүү менен жетишиле турган чечим Пакистандын кызыкчылыгын этибарга албай коюуга жол ачат,- дейт Коен.

Коендин пикиринде, мындай жагдайда маселени эки тарапты тең ынандыра тургандай кылып чечүү мүмкүнчүлүгү Бушта чектелүү. Бийлик мөөнөтүнүн соңуна чыгаарына 2 жыл калган Буш, Пакистанга жан тартам, деп Индияны тескери каратып алгысы келбейт. Анткени ал ядролук маселелерге байланышкан суроодо Нью-Делинин АКШ менен кызматташуусун каалайт. Коендин пикиринде алдыдагы иш визитинин учурунуда Буш Индия менен Пакистандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөтүү менен гана чектелет.

XS
SM
MD
LG