Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

ДАРФУРДА ГУМАНИТАРДЫК КРИЗИС ТЕРЕҢДӨӨДӨ


Судандын Дарфур провинциясындагы гуманитардык катастрофа – качкындарга байланышкан дүйнөдөгү эң бир курч кризистердин бири болуп саналат. Күн өткөн сайын бул кризис тереңдеп, коңшулаш Чадга жайылууда. Бирок ушул аптада бул маселеге кайрылганы жаткан Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде Дарфур кризисин жөнгө салууда мунаса жетишилээри күмөн туудурат.

Эл аралык гумжардам уюмдары үч жыл мурда башталган Дарфурдагы кризис тереңдеп, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү жакын арада чара көрбөсө, гуманитардык катастрофага айлана тургандыгын эскертишүүдө.

2003-жылдын башында жер жана суу талашынан чыккан жаңжалда 180 миңдей кишинин каны төгүлүп, 2 миллиондой адам үй-жайынан ажырады. Судандын өкмөтү Дафурдун жергиликтүү калкына каршы теги араб аскер күчтөрүн колдонуп, согуш жүргүзүп жатат деп айыпталууда. Согуш аракеттерине тартылган араб согушчандарынын Жанжавид тобуна өз кезегинде миңдеген карапайым тургундарды өлтүрүп, айыл-кыштактарды өрттөп, аялдарды массалык зордуктагандыгы үчүн айып коюлуп келет.

Африка Союзу бул жакка тынчтык аскерлерин жиберип, эл аралык коомчулук ири масштабда гумжардам жеткире баштагандан бери, азырынча Дарфурда салыштырмалуу тынч.
Бирок соңку кездерде согуш аракеттери кайра жанданып, качкындар коңшулаш Чад тарапка өтүп жатышканы кабарланууда. Жаңжалдын өлкөнүн башка аймактарына жайылуу коркунучу да күч алууда.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин Кошмо Штаттары жана Британия баштаган бир нече мүчөсү ушул аптада Судан өкмөтүнө каршы санкция киргизүүнү караштырып жатышат. Күн тартибинде Суданда турган 7 миңдей Африка Союзунун тынчтык жана менен Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгон Катар өлкөсү буга каршы чыгып, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учуроо коркунучуна туш келүүдө.

Тон Берг Суданда иш жүргүзгөн эл аралык бейөкмөт жардам уюму Оксфамдын Хардумдагы башкы координатору. Анын сөзү боюнча, азыр 2 миллиондой качкын бар, бирок мындан алда-канча көп кишиге сырттан жардам зарыл:

-Биздин болжолубузда, Дарфурда азыр 3 жарым миллиондой киши жардамга муктаж. Себеби качпай, ордунда калгандардын бир бөлүгү опурталдуу абалга байланыштуу эгин эгип, түшүм чогулта албай калышты. Башкача айтканда, үй-жайын таштап качкандар ар бири жардамга муктаж, бирок Дарфурдун аймагында алардан бөлөк, эл аралык коомчулуктун азык-түлүк жардамына жана башка кызматтарына муктаж болгондор да көп бар.

Бергге ылайык, дарфурдагы качкындардын басымдуу көпчүлүгү акыркы үч жылдан бери чатырларда жашап, балдары билим ала албай калды:

Алар жашаган жерди үй же чатыр деп айтканга ооз барбайт. Алачыкка окшогон жерде күн көрүп жатышат. Айрымдары үйлөрүнө өрт коюлган чакта качып, оокаттарын алууга үлгүргөн эмес. Азыр алардын бейөкмөт уюмдар таркаткан анча-мынча казан-аяк, кийим-кечегинен башка эч нерсеси жок. Кичинекей балдардан башкаларына окуу болбойт. Ошентип өспүрүм балдардын колдору бош, кылаарга иши жок.

Берг Африка биримдигинин аскер жиберишине жогору баа бергени менен, Бириккен Улуттар уюмунан кошумча ири күч келбесе, Франциядай келген аймакта 7 миң аскер коопсуздукту камсыз кыла албай тургандыгын белгиледи. Ошол эле убакта Коопсуздук Кеңеши жактырган күндө да, мындай кошумча аскерге Судан макул болушу керек. Ал эми Хардум өкмөтү Африкадан бөлөк жактан аскер жиберилишин каалабайт. Буга караганда, Дарфурдук качкындар жакын арада үйлөрүнө кайта албайт шекилдүү.

XS
SM
MD
LG