Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

КЫТАЙДА СӨЗ ЭРКИНДИГИН КЫСЫМГА АЛУУ КҮЧӨП БАРАТ


Кытайда Компартия массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөөдө кибернетикалык мейкиндик жана интернет менен гана чектелбейт. Соңку изилдөө көрсөткөндөй, кытай бийликтери ыкка келбеген редакторлорду кызматтан алып, өзүн өзү цензуралагандарга финансылык колдоо көрсөтүп, жана башка репрессиялык методдорду колдонот. Кошмо Штаттарында жайгашкан коммерциялык эмес Фридом Хаус уюмуна ылайык, owol эле убакта жеке менчиктин күч алышы, базар атаандаштыгынын өсүшү жана чет өлкөлөрдөн маалымат алуунун жеңилдеши мындай чаралардын таасирдүүлүгүн чектеп жатат.

Отчет күн санап өзгөрүп жаткан Кытайдагы цензуранын жол-жоболорун майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп бергендиги менен баалуу. Фридомхаустун аналитиги жана аталган отчеттун автору Эшли Исери Азаттыкка билдиргендей,1990-жылдары Кытайда маалымат каражаттары анчейин чектелген эмес эле, себеби ал кездеги президент Цянь Цемин айкындуулук коррупция менен күрөш үчүн керек деп эсептеген:

Цян Цемин сөз эркиндигине жол берүү партиядагы коррупцияны тизгиндеп, экономикалык өнүгүүгө салым кошот деп эсептеген шекилдүү. Ал эми азыркы президент Ху Жинтаонун саясаты бөлөк сыяктанат. Ал көп маалымат каражаттарынын үстүнөн көзөмөлдү күч алдырды. Бул акырындык менен болду, бирок акыркы эки айда айрыкча даана көрүнүп калды.

Көзөмөлдүн күч алышына Исерей буларды мисалга келтирди:

- Компартияга сын айткан же саясий талаштуу маселелерди козгогон белгилүү редакторлордун кызматтан алынышы айтыкча көзгө урунат. Мындай темаларды козгогон маалымат каражаттарынын редакторлору иштен кетирилип, айрым учурларда жабылып калды.

Фридом Хаустун отчетуна ылайык, Кытай өкмөтү ошондой эле маалымат каражаттарынын кызматкерлерин, жаңылыктардын мазмунун текшерүүнү күч алдырып, маалымат каражаттарынын чет элдик фирмалар менен биргелешкен ишканага киришине тоскоолдук түзүп, Интернетти көзөмөлдөөнү күч алдырды жана талылуу саясий темаларга кайрылган журналисттерге кысым көбөйдү.

Кытай Коммунисттик партиясынын үгүт-насаат бөлүмү жаңылыктарды электен өткөрүп, өлкөдөгү бардык маалымат каражаттарына кайсыларын чагылдыруу керектиги жазып турат. Ошол эле убакта кийинки жылдары Кытайдын маалымат каражаттары өздөрүн өздөрү каржылап, киреше табуунун жолдорун издөөгө мажбур. Бул көңүл ачуу жаатындагы сенсациялуу, туурама чагылдыруунун түрүнө жол ачууда. Өткөөл мезгилдеги мындай карама-каршы тенденциялар тууралуу Нью-Йорктогу Саясат таануу институту болгон Тышкы байланыштар Кеңешинин Азия бөлүмүнүн директору Элизабет Икономи мындай дейт:

Булардын баары Кытай жетекчилиги өзү эмнеге алып келээрин билбейт. Буга же тигиге жол берүүнүн натыйжасы кандай болоорун билүү үчүн, ар кандай аракеттер жасалат. Бирок өткөн бир нече жылда айкындуулукка караганда, кысмыкка алуу жаатында катачылыктар көбүрөөк болду.

Фридом Хаузга ылайык, кытайлык журналисттер компартиянын приоритеттерин айттырбай билип, өтө талаштуу деп саналган темаларга кайрылбашы керек. Мындай мамиле журналисттерди өз кызматын сактап калуу үчүн, партиянын саясатын жолдоого мажбурлайт.
XS
SM
MD
LG