Еврошаркеттин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер Брюсселдин чечими жөнүндө жарыялап, жардамдын көлөмү 120 миллион еврого жетет деп билдирди:
Бул көлөмдүү жардам палестиналыктардын негизги муктаждыктарына, ошондой эле жаңы өкмөт куралгычакта иштеп жаткан өткөөл бийликти колдоого жумшалмакчы. Жардамдын жалпы көлөмү 120 миллион еврону түзмөкчү.
Ал аталган каражат гуманитардык жана административдик максаттарга багытталат деп белгиледи:
Биз иш жүзүндө Палестина керектеген энергия үчүн каражатты түз эле тиешелүү компанияларга, анын ичинде Израилдин коммуналдык ишканаларына төлөп турабыз.
Жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин биримдик автономияга берилип жаткан жардамды кайра карап чыкмакчы. Бирок сөз болуп жаткан 120 миллиондук долбоор болочок чечимдерге карабастан ишке ашырылат.
Шаркет белгилегендей, 40 миллион евро суу жана электркубаты өңдүү негизги коомдук кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздаш үчүн жумшалмакчы.
64 миллион евро БУУнун Гуманитардык агенттигине берилип, Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде жашаган элдин эң негизги муктаждыктарына керектелет.
“Хамас” радикал тобунун 25-январдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыгышы эларалык коомчулуктагы талаш-тартыштарды жаратты.
“Хама” араб-жөөт тынчтык процессине каршы чыгып, Израиль мамлекетин тааныбай келатат.
Уюм 2000-жылдан бери орун алган 60 чакты жан кечтинин кол салуусу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.
Добуш берүүгө чейин Вашингтон “Хамас” жеңсе, автономияга жардамын кайра карап чыгуу жөнүндө эскерткен эле. Андан кийин Ак-Үй уюм тынчтык процессине кошулмайынча, палестиндерге гуманитардык жардам берүү менен гана чектелебиз деп билдирди.
Вашингтондун пикирин АКШнын атайын өкүлү Дэвид Уэлч өткөн аптада Рамаллада палестиналык расмий адамдар менен жолугушуп жатып ортого салды:
Кошмо Штаттары палестин элин көптөн бери колдоп келатат. Жана мамлекеттик катчы Кондолиза Райс бир нече күн мурун Конгрессте белгилегендей, биз мындан ары да палестин калкынын муктаждыктарын эстен чыгарбайбыз.
“Хамастын” жеңишинен кийин Израилдин кабинети бир катар катаң чараларды көрө баштады, маселен, автономиянын атынан чогултулган бажы төлөмдөрүн палестиндерге өткөрүп бербөө чечими кабыл алынды.
Андан көп узабай, атап айтканда 22-февралда Тегеран Батыш жардамын кыскартса, “Хамас” жетектеген палестин өкмөтүн каржылай турганын билдирди.
Иран “Хамастын” колдоочуларынын бири, ал топтун Израиль мамлекетине каршы чыкканын өзгөчө жактырат.
Айрым эларалык гуманитардык уюмдар өкмөттү ким түзүп жатпасын, палестин эли каражатка муктаж деп ырасташууда.
Дүйнөлүк Банктын мурдагы төрагасы, Жакыңкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча төртилтиктин өкүлү Жэймс Вулфенсон шейшембиде билдиргендей, Палестин бийлиги жакын аранын ичинде финасылык кыйроого учурашы ыктымал.
Себеби жогоруда айтылгандай, Израиль өкмөтү миллиондогон долларга жеткен бажы салыктарын төлөп берүүдөн баш тартты.
Финансылык кыйроо өз кезегинде баш аламандыкка жана зомбулукка алып келиши мүмкүн, - деп эскертти Вулфенсон.