Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯ ФАКТЫЛАРЫН ИЛИКТӨӨ БАШТАЛДЫ


Кыргызстанда энергетика тармагындагы орун алган коррупция фактылары жөнүндө өкмөттүк комиссия таркаткан маалыматтар дагы бир чуулгандуу чырга айланганы турат. «Электр станциялары» акционердик коомунун баш деректири Сапар Балкыбеков бурмаланган маалыматтар менен каралап жатат деп комиссиянын башчыларын сотко берерин бүгүн жар салды. Комиссия өкүлдөрү өз кезегинде өлкөнүн энергетика тармагында ири акчаларды уурдоого кыныккан мурдагы режимден калган система жатканын белгилеп, аларды прокуратура териштирип чыгышы зарыл деп белгилешүүдө.

«Электр станциялары» акционердик коомунун баш деректири Сапар Балкыбеков энергетиктердин ишин текшерген мекеме аралык комиссия бир жактуу, чындыкты бурмалаган, каралаган материалдар менен энергетиктердин жетекчилигин жаманатты кылып, кызматтан алуу максатын көздөйт деп билдирди. Балкыбеков бул жөнүндө бүгүн АКИпресс агенттигинде сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.

- Комиссиянын максаты бир эле – «Электр станциялары» акционердик коомунун башкаруучу органын жамандоо жана кызматтан алып түшүү, анын ордуна өздөрү жактырган кишини коюу болуп саналат,- деди Сапар Балкыбеков.

Электр станциялары акционердик коомунун ишин премьер-министрдин тапшырмасы боюнча текшерген комиссиянын жыйынтык маалыматы бир күн мурда эле агенттиктер аркылуу коомчулукка тарап кеткен. Анда энергетиктер электр кубатын экспортко сатууда жана Казакстандан көмүр ташууда ири каржылык мыйзам бузууларга жол берип, анын натыйжасында «Электр станциялары» акционердик коому өткөн жылы 371 миллион сом чыгашага учураганы жазылган. Комиссия энергетика тармагындагы каражат уурдоого кыныккан коррупциялык система азыркы учурда мурдагыдан да күчөгөндүгүн белгилеп, прокуратура буга тезинен текшерип чара көрүшү зарыл экенин билдирген. Комиссиянын жыйынтык маалыматы реалдуу фактылар менен жазылган деп билдирди Азаттыкка комиссиянын мүчөсү, депутат Замирбек Эсенаманов:

- Миллиарддаган сомдорду чөнтөккө салып алышканын кимден жашыра алат? Биз справкага жазылган нерселердин бардыгын фактылар менен жазганбыз. Эми калганын прокутарура органдары териштирип алат деген ойдобуз.

«Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчилери өз кезегинде комиссиянын айыптоолорун негизсиз деп четке кагышууда. Сапар Балкыбековдун айтымында электр кубаты Кыргызстандын ички рыногуна караганда экспортко арзан баада кетип жаткандыгы жөнүндө комиссиянын бүтүмү туура эмес.Сырткы рынокко электр кубатын экспорттоодо, сырттан көмүр сатып алууда мыйзам бузууга жол берилген эмес.

Энергетиктердин ишин текшерген комиссиянын жыйынтык маалыматын комиссия мүчөлөрүнүн бир бөлүгү объективдүү эмес деген негизде кол коюудан баш тартышкан. Так ушул себептүү, байкоочулардын баамында, анын жыйынтык маалыматы объективдүү экендиги чоң шек туудурат. Анткени, комиссия курамы компетенттүү деп айтуу кыйын, ага эсеп палатасынын, прокуратуранын өкүлдөрү кирген эмес.

- Комиссиянын курамында Балкыбековдун таламын талашкандар бар, энергетика тармагын чукуп казгысы келген адамдар да бар. Эгер бул тармактын проблемаларын чечүү максаты коюлган болсо комиссиянын курамы компетенттүү түзүлмөк. Менин оюмча, бул жерде максат башка. Максат - тармакты тартипке келтирүү эмес, балким, кадрларды алмаштыруу жагын көздөгөндөй туюлат,- деди Бишкектеги эл аралык аналитикалык борбордун өкүлү Уултай Дайракунова.

Энергетика тармагындагы коррупция фактыларын чукуган араздашуулар ошентип, бир жагынан соттук жаңжалга айланганы турат. Экинчи жагынан, байкоочулардын баамында комиссия маалыматына таянып, эми энергетика тармагын бүтүндөй прокуратура текшерип башташы мүмкүн. Балким, ага жеткирбей эле энергетиктердин жетекчилерин кызматтан четтетүү чаралары көрүлөт. Бул окуянын кандай өнүгүшү эртең энергетиктердин ишин караганы жаткан өкмөттүк жыйындан кийин белгилүү болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG