БИШКЕК. Кеңешмеде Шанхай уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык, аймактык маселелерге байланыштуу пикир алышуулар болду. Ошондой эле 14-15-июнда Шанхайда өтө турган бийик деңгээлдеги жолугушууга даярдыктар, Шанхай кызматташтык уюмунун 5 жылдыгын Бишкекте өткөрүү тууралуу маселе талкууланган. Саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүү максатында Ташкентте маданият министрлеринин, Пекинде тышкы иштер министрлер кеңешинин, билим берүү министрлеринин жыйынын өткөрүү каралган.