Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 15:43

ИРАКТЫК ШИИТТЕР МЕНЕН СУННИЛЕРДИН АЖЫРЫМ ЧАТАГЫ


22- февралда Ирактын Самара шаарындагы шиитердин ыйык ал-Аскария мечитиндеги бомба жардыруусу Ирактагы кырдаалды дагы курчутту. Шииттер менен суннилер ортосунда жааташтык согушу тутанды. Ирактын шиит жана суннилер арасындагы айрымачылыктар жана окшоштуктар, ошондой эле Ирактык мусулмандардын өз ара мамилеси жөнүндө доктор Реза Нуризаде ой бөлүшөт.

Реза Нуризаде Лондон шаарында Ирак-Араб байланыштарын изилдөө борборун жетектейт. Илимпоз адегенде шииттер менен суннилер арасындагы айрымачылыкка токтолот:

-Суннилер да, шииттер да Аллага ишенишет. Мухаммедди пайгамбар катары таанышат. Алардын карама-каршылыгы пайгамбардан кийин башталган. Шииттер Мухаммед алейсаламдын мураскери Али жана анын балдары болуш керек деп санашат. Али-шииттердин биринчи имамы. Суннилер болсо Мухаммед пайгамбар мураскер болчу адам жөнүндө осуят калтырбаган, мына бул адам менин ордумду ээлейт деп эч айткан эмес дешет. Пайгамбардын өз руханий башчыңарды чогуу тандап алгыла деген насыятына ылайык, Мухаммед алейсаламдан кийин Абу Бакир, андан соң Омор, кийин Осмон, ананн Али халиф болуп шайланышкан. “Такыба халиф” деген атка конгон бул төртөө пайгамбардын жакын шакирттеринен болушкан. Имам Али мусулмандар өздөрү шайлаган биринчи имам. Анын имам болуп шайлануусун жалпы жамаат колдогон. Али имам болуп шайлангандан тарта суннилер менен шиитер ортосундагы айрымачылык башталат.

Доктор Реза Нуризаденин сөзүн бөлүп, Али жөнүндө учкай маалымат бере кетели. Али ибн Аби Талиб Мухаммед пайгамбардын аталаш бир тууганы жана кызы Фатиманын күйөөсү.

-Экинчи айрымасы, шииттер Алланы баарына калыс деп билишет. Суннилер болсо Алла мээрман, боорукер жана акыретте өзү соттойт, каапырлар менен кылмышкерлерди аябайт деп ишенишет. Суннилер имамдардын жана халифтердин саганаларына сыйынышпайт. Ал эми шиилер имамдарга таат кылышат, аларга сагана курушат жана анын короосунда чогуу ибадат кылышат. Имамдарга болгон эки башка мамиле кылымдарга созулуп келет. Бирок, акыркы ондогон жылдарда эки арада чоң карама-каршылык болгон эмес. Ырас, Пакистанда шиитер менен суннилер ортосунда айрым кагылышуулар болгону менен- Иранда, Ливанда жана башка дүйнө өлкөлөрүндө шииттер менен сунниттер эриш аракак жашап жаткан. Тилекке каршы, Ирактын Самара шаарында болгон окуялардан кийин шииттер менен сунниттердин ортосунда ажырым пайда болду. Бул диний эмес, саясый ажырым.

Суроо: -Ал- Аскария мечитиндеги бомба жардыруусунун артында кимдер турушу мүмкүн деп ойлойсуз?

-Тилекке каршы, Ирактын сунни жана шиит жамаатарында ич ара айрымачылыкты өз жеке максаттарына жетүү үчүн пайдаланган күчтөр бар. Өзүнчө топтун таламы үчүн күрөшкөн бен Ладендин жолдоочулары сыяктуу террорчулар шииттерди чыныгы мусулман деп санашпайт. Алар шиитерге каршы фатва чыгарышкан жана шиитерди өлтүрүшүүдө. Суннилер жашаган кээ бир аймактарда да кимдир бирөөлөр жана айрым сунни террорчулары тарабынан шиитерге каршы аракеттер уюштурулду. Шиитердин арасында да жашоодогу бардык көйгөлөрү үчүн сунниттерди күнөөлгөн экстремисттер бар. Алар- Саддам жана анын өкмөтү суннилер эле, сунни азчылыгы бийликте турган жылдары шиитердин бардык укуктарын тепседи деп эсептешет. Ошон үчүн, алар бардык суннилер шиитерге жамандык жасады, азыр эми алардан өч алчу мезгил келди деген көз карашта. Анын айынан Саддам маалында жасалган мыкаачылыктарга эч кандай тиешеси жок адамдар да өлтүрүлүүдө.

Суроо: -Шииттер менен суннилерди жаатташтык согушун токтотуу үчүн эки жактын лидерлери кандай кадамдарды жасашууда?

Др. Нуризаде: -Самарада болгон окуялар эски жаранын оозун ачып, экстремисттерге мүмкүнчүлүк берди. Ал-Аскария мечитинин күмбөзүн жардыруу жалпы элдин, өзгөчө шиитердин кыжырын кайнатты. Болбосо, Самаранын калкынын көбү суннилер болгон жана алар кылымдар бою шиитердин ал-Аскария мечитин коргоп да, сактап да келишкен. Самарада шиитер суннилер менен кыз алып, кыз беришип, куда-сөөк болуп, арала жашашкан. Алар үчүн шиит же сунни болуу эмес, мусулманчылыук маанилүү болгон. Өкүнчүтүүсү, ал-Аскария мечитиндеги жардыруудан кийин эки жак өч алуу сезимине алдырып, айрым имамадар жана бейкүнөө эл набыт болуп кетти. Анткен менен, шиитердин руханий көсөмү Улуу Аятолла Систани жана мырза Кубайси, мырзаДолеми сыяктуу диниятчылар элди сабырдуулукка, мунасаг үндөп, жатташып кан төгүүнү токтотуу аракетин жасашты. Бул адамдар шииттер менен сунниттерден өз ара бөлүшпөй, биримдикти чогуу сактоону талап кылышты.
XS
SM
MD
LG