Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

ТУРИН ТААСИРЛЕРИ ЖАНА САБАКТАРЫ


Ошентип 17 күн Италиянын Турин шаарында 20- кышкы олимпиадалык оюндардын оту жанып турду. Дүйнө коомчулугу олимпиадалык оюндарды кылым керемети деп бекеринен айтышпаса керек.

Олимпиадалык оюндарды көрүү үчүн миңдеген күйөрмандар дүйнө жүзүнөн Турин шаарына агылып барышты. Оюндарды кабыл алып, аны өткөрүү андан да жооптуу, сыймыктуу иш. Албетте, олимпиадалык оюндардын кожоюндары 2 миң 573 спортчу жана ондогон машыктыруучуларды кабыл алып, спорт сарайларын, стадион, база, спорт комплекстерин, олимпиадалык айылдарын, мейманкаларын куруп, олимпиадачыларды тейлөөчү кызматкерлерди, журналисттерди, техникалык адистерди жана спорт күйөрмандарын жайгаштыруу, аларга шарт түзүү жана башка түмөн түйшүктүү иштерди аткарышты. Ушундай түйшүктүү күндөрдү Италиянын калкы, Турин шаарынын тургундары баштан өткөрдү.

Төрт жылдан бери италиялыктар «күйөрмандык азарт менен жашап», Турин шаарын олимпиадалык борборго айландырышты. Италиялыктар олимпиадалык таймашууларды жогорку уюшкандыкта өткөрүшкөнүн Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге да белгиледи.

Турин олимпиадасына Кыргызстандын чакан делегациясын жетектеп барып келген өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бектур Асанов мындай деген пикирин билдирди.
- Турин олимпиадасы зор таасир берди. Кыргызстанда кышкы спортко маани берүүнүн зарылдыгын билдим. Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү болгону менен кышкы спортко өкмөттүк деңгээлде көнүл бурулган эмес.Өз көзүм менен олимпиадалык базаларды, мелдештерди көрүп, италиялыктарга ыраазы болдум. Мурдакы олимпиадаларга орусиялык, казакстандык спортчулар Кыргызстандын атынан барган болсо, бул жолу орусиялык, казакстандык легионер спортчулардан баш-тартып, жакшыбы - жаманбы, өзүбүздүн уул-кыздарыбызды сынап көрүүнү чечиштик.


Туринде жаңы эл аралык талаптарга ылайык спорт имараттары, жолдор курулуп, мунун баары олимпиададан соң италиялыктардын ден соолугуна өбөлгө түзчү жайлар катары кызмат кылаары бышык.
Туриндеги олимпиаданы көрүүгө дилгир туристтердин саны кескин өскөн. Айрыкча хоккей мелдештерин көрүүнү каалагандар арбын болду.Туриндеги көркөм муз тебүү таймаштарына да күйөрмандар арбын келишти.

Турин олимпиадасында допинг (кызытма) текшерүүсү күчтүү, аесуз жүрдү. Айрым маалыматтарга караганда допинг текшерүүдөн корккон профессионалдык спортчулдардын айрымдары Турин олимпиадасына катышуудан баш тартты.
Олимпиадалык спорт базалары 90- 100 километр алыстыкта курулганы гана күйөрмандарды, туристтерди жана журналисттерди түйшүккө салды. Олимпиадалык оюндардан алган таасирлер менен “Эгемен Казакстан” гезитинин баяндамачысы Оңдосун Элүүбаев бөлүшүп, италиялыктар мыкты деңгээлде өткөрүшкөнүн, Казакстандан барган 57 спортчу байгеге илинбей калганын айтты.

Италияда ушуну менен үчүнчү ирет Олимпиадалык оюндар өткөрдү. 1956-жылы 26-февралдан 5-февралга чейин Кортина д, Ампеццо шаарында 7-кышкы олимпиада өтүп, ага 33 өлкөнүн 924 спортчусу катышкан. 1960-жылы Рим шаарында 17-жайкы Олимпиаданын оту жанган. Буга дүйнөнүн 83 өлкөсүнөн 5348 (анын 660 кыз-келин) спортчу катышып, мөрөй талашкан. Рим шаары кыргыз спортчуларынын тарыхында олимпиадалык жолун ачып, өлкөнүн биринчи олимпиадачысы, ат спорт чебери Сайботтал Мурсалимов катышып, байгелүү бешинчи орунду ээлеген. Кейиштүүсү СССРдин тушунда бир дагы кыргызстандык спортчу кышкы олимпиадалык оюндарга катышкан эмес. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону гана 1994-жылы Лиллехамердеги кышкы олимпиадалык оюндарда Кызыл туусу көтөрүлүп, орусиялык биотлончу Евгения Роппель катышкан. Ошону менен салт уланып 1998-жылы Япониянын Нагано шаарында жана 2002-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарындагы 19-кышкы олимпиадалык оюндарына дагы Кыргызстандын атынан орусиялык биатлончу Александр Тропников менен казакстандык трамплинден секирүүчү Дмитрий Чвыков барышкан.

Туриндеги олимпиадага кыргызстандык эки спортчу жолдомо жеңип алганы менен анын бирөө тоо лыжасынан Иван Борисов гана катышты. Азия өлкөлөрү кышкы спортко анча маани бербей келишкени да байкалды. Түштүк Корея, Кытай жана Жапан өлкөлөрүндө гана өкмөттүк деңгээлде кышкы спортко маани бергендиктен, алар байгелүү кайтышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG