Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

420 миң доллардын доосу боюнча сот уланууда


БИШКЕК. 2-мартта Биринчи май райондук сотунда Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановго байланыштуу сот жараяны улантылды. Бирок ал бул күнү сотко келген жок. Анын сотко келбегенин адвокаты Сергей Слесарев сот жараянына даярдыгы болбогондугу менен түшүндүрдү. Бул күнү Борбордук казынанын мурдагы жетекчиси Анарбек Сатыбалдиев көрсөтмө берип, бул ишке байланыштуу күнөөсү жок экендигин билдирди. Ал эми Эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов 420 миң долларды экс-президентке берүү тууралуу эч ким менен сүйлөшпөгөнүн, бул ишке тиешеси жоктугун айтты.

Улан Сарбанов жана бир катар чиновниктер 1999-жылы декабрда 420 миң доллар накталай каражатты Ак үйгө экс-президент Аскар Акаевге алып барган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдого катыштыгы бар делип айыпталууда.

 

XS
SM
MD
LG