Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Иракта сунилер менен шийилердин кагылышуулары уланууда


Бүгүн сунилердин саясий лидерлеринин бирине кол салуу болду. Ирактын элдик конференциясы аттуу уюмдун жетекчиси Аднан ал-Дулайми аман калды. Бир сакчысы окко учту. Дулайми тарапкерлерине кайрылып, өч алуудан карманууга чакырды.
Садр калаасында чакан автобус жардырылдып, кеминде 2 киши каза тапты.
Багдаддын базарында жарылган бомба 3 кишинин өмүрүн алып кетти.
Сунилер менен шийилердин тирешүүсү 22-февралда Самарра шаарында сунилердин ыйык жайы жардырылгандан кийин өзгөчө күчөдү.
Кечээ Багдадда 30га жакын киши набыт болду. Анын алдыңкы күнү жалгыз баш калаадагы кол салуулар 60тан ашуун адамдын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG