Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

АКШ МЕНЕН ИНДИЯ ӨЗӨКТҮК ТАРМАКТА КЫЗМАТТАШУУГА КИРИШЕТ


Нарын АЙЫП, Прага 1-мартта Индияга АКШ президенти Жорж Буш үч күндүк сапар менен келип, 2-мартта өлкөнүн премьер-министри Манмоханг Сингх менен өзөктүк кубат тармагындагы кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Эки жетекчи тең аны зор жетишкендик дегени менен, айрым экперттердин айтымында, аны бекитүү ишинде АКШда маселелер чыгышы мүмкүн.

1998-жылы Индия жана ага удаа кошуна Пакистан атом бомбаларын сынагандан кийин, АКШ бул эки мамлекетке тең каршы чектөө жарыялаган. Кийин Пакистан эл аралык террорчулукка каршы башталган кеңири согушта Вашингтондун өнөгүнө айланды, ал эми Индия менен АКШ ортосундагы мамилелер салкын болуп келген.

Экинчи мартта болсо АКШ президенти Жорж Буш Индиянын премьер-министри Манмоханг Сингх менен атайын келишимге кол койду жана аны эки тарап тең жогору баалады: "Өзөктүк кубат боюнча биз бүгүн тарыхый келишим түздүк. Андай макулдашууга келүү Индия премьер-министри үчүн оңой болгон жок. Америкалык президент үчүн дагы ал оңойго турбады, бирок бул өтө керектүү келишим. Ал - эки өлкөнүн тең элдерине жардамдашат", - деди Буш 2-мартта Дели шаарында.

Келишим боюнча, Индия өзүнүн өзөктүк программаларын экиге бөлөт жана аскерий максатты көздөбөгөн бөлүгүнө эл аралык текшерүү салууга макул болот. Андан тышкары, АКШ менен Индия эми ошондой аскерий эмес өзөктүк изилдөөлөрдү жүргүзүүдө кызматташат.

Анткен менен АКШ Конгресси 1978-жылы атайын мыйзам кабыл алган жана ага ылайык, Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кол койбогон мамлекеттер менен Вашингтон бул тармакта кызматташпаш керек. Ошондуктан, айрым экперттердин пикиринде, келишимди бекитүүгө келгенде, АКШ Конгресси ага каршы чыгышы мүмкүн. Башка байкоочулардын айтымында, ал эски мыйзамды президент Буштун өкмөтү өзгөртүүгө аракеттенет.

Лондон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Марк Фитцпатриктин айтымында, Индия менен АКШ ортосунда түзүлгөн жаңы келишим - Иран сыяктуу башка мамлекеттерди дагы өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө түртүшү мүмкүн, анткени кайсы бир күнү ал өлкөнүн АКШ менен болгон мамилеси жакшырса, анын баары кечирилет: "Бул келишим менен өзөктүк кубат тармагындагы 40 жыл бою АКШ жүргүзүп келген саясат жана деги эле жалпы дүйнөлүк эрежелер кайра карап чыгылууда. Тармактагы кызматташуу эми - кандайдыр бир шарттарды аткарууга макул болгон мамлектетер менен жүргүзүлөт. Индия, Пакистан жана Израил мурда Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кошулган эмес, бирок Индия менен Пакистан азыр андай куралга расми түрдө ээ жана аларды кандайдыр бир чекке киргизүү керек, - дейт Фитцпатрик.

Келишимге Индиянын улутчулдары да каршы чыкты, алардын айтымында, расмий Дели өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат. Өлкө азыр бир жүз элүүдөн эки жүзгө чейин өзөктүк дүрмөткө ээ жана аларды бутага жеткире ала турган ракеталар да Индияда бар.

Ишемби күнү болсо президент Буш кошуна Пакистанга барат. 2-март күнү өлкөнүн Карачи шаарындагы америкалык консулдуктун алдында жардыруу болуп, бир нече адам, алардын ичинде бир америкалык дипломат да каза болду, бирок Буштун айтымында, андай нерселер анын сапарын токтото албайт.

XS
SM
MD
LG