Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

АКШ президенти бүгүн Пакистанга келет


АКШ президенти Пакистанга келээри алдынан Карачиде Кошмо Штаттардын консулдугуна жакын жерде жардыруу болду. Андан өлгөн төрт адамдын ичинде америкалык дипломат да бар. Мындай карасанатайлыкка ким барганы азырынча белгисиз. АКШ президенти Жорж Буш Индияда сүйлөгөн сөзүндө, Карачидеги жардырууга карабай, ал баары бир Пакистанга бараарын айтты.

- Террористтер менен адам өлтүргүчтөр мени Пакистанга баруудан баш тарттыра алышпайт. Бул - өтө маанилүү визит. Биз президент Первез Мушарраф менен террористтерге каршы кантип күрөшүүнү талкуулайбыз. Бул күрөштө ал (Мушарраф – автор.) өтө бакубат жолду тандады. Мушаррафты террористтер төрт ирет өлтүрүүгө аракет жасашпады беле?, - деди Буш.

Бүгүн кечинде америкалык президент Индиядан Пакистанга келгени жатат. Буштун визити алдынан Пакистандагы Мултан, Лахор жана Карачи шаарларында антиамерикалык митингдер өттү.
Террорго каршы АКШ баштаган согушта Пакистан - Вашингтондун ишенген союздашы.

XS
SM
MD
LG