БИШКЕК. Ош тергөө абагында кармалып турган өзбекстандык качкындардын экөөнүн иши Женевадагы адам укугу боюнча комитетке 2- мартта жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Адилет” бейөкмөт уюмунун лидери Чолпон Жакубова 3- мартта билдирди. Бул эки качкынга Миграция боюнча мамлекеттик департаменти качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Ал чечимди Жогорку сот февраль айынын соңунда карап күчүндө калтырган. Калган эки качкындан иши азырынча Жогорку сотко жете элек, бирок Бишкек шаардык сот 2- мартта өзгөртүүсүз калтырды. БУУнун качкындар комиссариатынын өкүлү Карлос Заканини 2- мартта Азаттыка бул качкындарды кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп бербейт деген ишенимин билдирген.