БИШКЕК. “Парламентарийлер коррупцияга каршы” дүйнөлүк уюмунун чакыруусу менен Жогорку Кеңештин депутаттары Канаданын Оттава шаарына жөнөп кетишти. Бул сапардын алкагында депутаттар аталган эл аралык уюмдун жетекчилиги, Канаданын тышкы иштер министри менен жолугушууларды өткөрүшөт. Депутаттар Канаданын парламент системасы, арам акчаны адалдоого каршы күрөшүү ыкмалары, терроризмдин каржыланышына бөгөт коюу өңдүү маселелер менен таанышат. “Парламентарийлер коррупцияга каршы уюмун” Кыргызстанда депутат кубатбек Байболов негиздеп, ага Мелис Эшимканов, Темирбек Сариев, Азимбек Бекназаров жана башка депутаттар мүчө.