Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

ЕККУнун баш катчысы бийлик жана коомчулук өкүлдөрү менен жолукту


БИШКЕК. Кыргызстанда иш сапар менен жүргөн ЕКУУнун баш катчысы Марк де Бришамбо алгач атуулдук коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү саясий акыбал тууралуу пикирлерин укту. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бирикмесинин аткаруучу директору Жыргалбек Турдукожоевдин айтымында, жолугушууда өзбекстандык качкындардын тагдыры, конституциялык реформанын ишке ашпай жатканы, революциядан кийинки кырдаал өңдүү маселелер козголду. ЕККУнун баш катчысы ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Президент жолугушууда Кыргызстан демократиялык жолдон тайбайт деп ишендирди. Спикер Марат Султанов болсо баш катчы менен жолугушууда март ыңкылабы тууралуу сөз козгоп, аны элдик революция катары бааларын билдирди.

XS
SM
MD
LG