Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: КУМСАЛАР БАШ КОШУУГА ШАШЫЛУУДА, “ДА ВИНЧИ КОДУ” - ПЛАГИАТПЫ?..


Британиялык гомосексуалдар баш кошууга шашылууда

Улуу Британиянын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, дээрлик бир айдын ичинде өлкөдө кумсалардын 3 миң 648 баш кошуусу катталды. Атап айтканда, Англия менен Уэлсте бир жыныстагы адамдардын граждандык үйлөнүүсүнө уруксат берилгенден бери эркектердин 2 миң 510 түгөйү жана аял кумасалардын 1 миң 138 түгөйү той өткөрдү.
Жаңы мыйзам, арийне, кумсалардын баш кошуусун расмий нике деп тааныбайт.
Мыйзам күчүнө кирген күнү эле 700 үйлөнү салтанаты болду.
Эң белгилүү кумса түгөй – ырчы, сэр Элтон Жон менен анын көп жылдардан берки шериги Дэвид Ферниш.

Пляждагы корооз куш тумоосуна каршы

Куш тумоосу күн санап кулач жайып баратат. Аны менен күрөштү ар кандай жол менен жүргүзсө болот экен. Индиялык сүрөтчү элдин көңүлүн аталган проблемага буруш үчүн Пури курортундагы пляжда кумдан корооздун айкелин тургузду.
Сударшан Патнайк буга чейин кумдан Таж-Махалдын копиясын, 2004-жылкы цунаминин курмандыктарына арналган эстелик жасап, кеңири элге таанылган. Короозду жасаш үчүн ал 8 тонна кум керектеп, ага 5 саат жумшады.
Өткөн жумада куш тумоосунун кооптуу вирусу Индиянын Махараштра штатында катталган.
“Көптөрү бул проблема жөнүндө кабардар эмес. Пляж болсо эл көп чогулган жерлердин бири”, – дейт сүрөтчү.
Эми болсо ал 20 чакты жардамчылары менен корооздун жанында кумдан тооктор менен жумурткаларды жасап жатат.

“Да Винчи Коду” – көчүрмөбү?

Лондондогу сот “Да Винчи Коду” атту китептин автору плагиатка барган деген арызды карап жатат. Мындай доо менен тарыхчылар Майкл Бейжент менен Ричард Ли кайрылышкан. Алар жазуучу Дэн Браун китепте сөз болгон идеяларды 1982-жылы жарык көргөн “Ыйык кан жана Ыйык Грааль” деген чыгармадан көчүрүп алган деп ырасташууда.
“Да Винчи Коду” былтыр Британиянын адабият сыйлыгы тарабынан эң мыкты китеп деп табылган.
Чыгарма 40 тилге которулуп, 30 миллион нуска менен чыккан.
Анын негизинде жакында көркөм фильм тартылды. Соттун чечими анын бет ачарын үзгүлтүккө учуратышы ыктымал. Бирок автордук укуктар боюнча адис Пол Херберт ырастагандай, доогерлердин арызын канааттандыруу татаал болмокчу.

Кара тумоо жана климаттагы өзгөрүүлөр

Орто кылымдарда Европанын климаты кескин салкындап кеткен. Анын себебин голландиялык окумуштуулар кара тумоонун, же чуманын эпидемиясы менен түшүндүрүшөт.
Изилдөөчүлөр аныктагандай, 1200-жылдан тартып Европада айыл чарбасы өнүгө баштаган, айдоо аянттары көбөйгөн. Болжолу менен 1347-жылга карай, кара тумоонун эпидемиясы жайылып, бул процесс токтоп калган. Илдеттен эски континенттеги калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү кырылган деп айтылып жүрөт.
Айдоо аянттары бош калып, ал жерлерде бак-дарактар өсө баштаган. Ал өсүмдүктөр өз кезегинде абадагы көмүр кычкылтегин сиңирип, климаттын муздашына алып келген.
Бул көрүнүштү чечмелеген бир нече теория бар. Мисалы, айрым илимпоздор Европадагы аба ырайынын салкындашын күндүн активдүүлүгүнө, океандагы агымдардын өзгөрүшүнө байланштырышат.
Албетте жаңы теория бардык эле окумуштууларды ынандырган жок. Кандай болбосун, бул ачылыш илим дүйнөсүнүн көңүл сыртында калбайт.

XS
SM
MD
LG