Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

ОШ : ЖЕР ТАЛАШКАНДАР ӨКМӨТТӨН КАЛЫС ЧЕЧИМ КҮТӨТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Карасуу районунун Өзбекстан менен чектешкен Достук участкасындагы сегиз гектар жер үчүн кыргыз-индиялык Хоул Сейл компаниясы менен жекече үй куруучулардын ортосундагы талаш-тартыш басыла элек. Бул маселени өкмөттүк комиссия иликтеп чыккан, эми премьер-министрдин чечимин күтүп отурушат.

Талашка калган жер участогу 2004-жылы 1-мартта ошол учурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевдын токтому менен кыргыз-индиялык Хоул Сейл компаниясына 49 жылга ижарага берилген. Аны жекече үй куруучулар коому талашып бийликке кайрылып келатат.

- Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы Өзбекстан менен чектеш 8 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты эң оболу айыл өкмөтүнүн макулдугун албастан, жер мыйзамдарынын талабын одоно бузуу менен Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен кыргыз-индиялык компанияга 49 жылдык мөөнөткө базар курууга берилип кеткендиги аныкталган. Ал базардын канчалык деңгээлде зарыл экендигин карап чыгып, жеке менчик үй курууга уруксат берүү жагын комиссия Кыргыз өкмөтүнө сунуштаган - деди жекече үй куруучулар коомунун өкүлү Рахима Матраим кызы.

Кыргыз-индиялык компания жерди алгандан кийин аны өздөштүрүү үчүн кыйла акча каражатын чыгымдап коюшкан экен.

- Бул проект боюнча турган имараттардын баасы 17 млн. 800 миң сом. Бүгүнкү күнгө бул объектер 90 пайызга бүтүп, 13 жарым миллиондон ашык каражат чыгымдалган - дейт Хоул Сейл кыргыз-индия компаниясынын жетекчиси Мурат Жээнбеков.

Достук участкасы Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнө карайт. Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги аталган участок боюнча талаш маселелерди элдин кызыкчылыгы үчүн чечүүгө ынтызар экендигин билдирди:

- Бул жердеги 8 гектар жер Хоул Сейл интернешнл фирмасына 49 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилген. Бул жерди айыл чарбачылыкка пайдаланып келген. Бул жер кыргыз өкмөтүнүн токтому менен базар болот деп берилген. Айыл өкмөтү бул маселени мыйзам чегинде чечели деп атабыз - деди Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Бахап Райымжанов.

Бул жер участогу боюнча иликтөө жүргүзгөн өкмөттүк комиссиянын жыйынтыктары боюнча таанышуу үчүн өкмөт башчысы Феликс Куловдун келиши күтүлгөн эле. Бирок, өкмөт башчы эмнегедир келбей калды, ал эми жер талашкан тараптардын чыдамы кетип барат.

XS
SM
MD
LG