Эл аралык мунапыс уюму кечээ Лондондо жарыяланган докладында Иракта коалициялык күчтөр тарабынан атуулдарды айып коюуусуз жана сотсуз эле кармоо практикасын кескин сынга алды. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, азыр абакта 14 миңдей ирактык кармалууда. Докладда айтылгандай, абактагыларын кармалуу шарты жашыруун экенин эске алганда, аларга карата кыйноо колдонулчудай. Ал эми Ирактагы америкалык командачылык АКШнын ал жердеги түрмөлөрүндө кармалгандардын баарына Ирактын мыйзамдарына жана эл аралык макулдашууларга ылайык мамиле жасаларын билдирди.
Эл аралык мунапыс уюму Иракта коалициялык аскерлердин камактагыларга жасаган мамилесин айыптады