Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

МАГАТЭ ИРАН МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАП БАШТАДЫ


Дүйшөмбүдө МАГАТЭге мүчө 35 өлкөнүн өкүлдөрү Иран маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине өткөрүү сунушун талкуулап баштады. Иран ошентип, дүйнө коомчулугунан обочолонуп калуу коркунучуна кабылганда, Тегеранда тышкы саясатты оңдоп, АКШ менен сүйлөшүү керек деген пикирлер айтыла баштады. Ирандын өзөктүк программасы боюнча мурдагы башкы өкүлү жана 16 жыл бою Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген Хасан Рохани жаңы макаласында өлкөнүн тышкы саясатын сынга алды.

Эгерде МАГАТЭ Иран маселесин Коопсуздук кеңешине өткөрсө, Тегеранга каршы саясий жана экономикалык санкциялар кабыл алынып калышы мүмкүн. Батыштык мамлекеттер Иран өзөктүк курал жасоо аракетин көрүүдө деп шектенет, Тегеран атомдук программасы кошумча энергия өндүрүү максатын гана көздөөрүн кайталап келатат.

Венада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик, же МАГАТЭнин жыйыны ачылаар алдында анын башчысы Мохамед ЭлБарадейи Ирандын алдына коюлган талаптарды дагы бир сыйра кайталады.

- МАГАТЭ Ирандын алдына уранды байытууну токтотуу, өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишимине кошумча протоколго кол коюу өңдүү бир катар талаптарды койгон.

Бул талаптарды аткаруунун ордуна Иран маселе Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде карала турган болсо, уранды кеңейтилген көлөмдө байытууга киришээрин эскертти.

Жекшембиде АКШнын БУУдагы элчиси Жон Болтон билдиргендей, мындай эрегиш Тегеран үчүн кыйынчылыктарды гана жаратаары күмөнсүз.

- Ирандын бийликтери эл аралык коомчулуктан бөлүнүп, карама каршы багытта кете берсе, бир топ таасирдүү жана зыяндуу кесепеттерге туш болоорун түшүнүшү керек, - деп эскертти Вашингтондун өкүлү.

Ал тапта Тегерандагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун “Рахборд” аттуу журналында жарык көргөн макалада Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Рохани өзөктүк программанын бардык жагдайларына токтолуп, маселенин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде каралышына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Ушу тапта Ирандын Жогорку кеңешинде өлкөнүн Руханий лидери Аятолла Али Хаменеинин өкүлү болуп иштеген Рохани анда Иран эч кандай өзөктүк куралы жок болуп туруп эле эл аралык коомчулуктун кысымына кабылганына нааразыланат. Тегерандын өкүлү ошол эле маалда Пакистан, Түндүк Корея, Индия, Израилдин массалык кыргын салуучу куралы болсо да, аларга эч ким тийишкен жок деп ачууланат.

Баарынан башкысы – Хасан Рохани Ирандын азыркы тышкы саясатын сынга алып, буга чейин көп жылдар бою Тегеран сүйлөшүүлөр аркылуу кандай маселелерди чечкенин шашпай баяндайт. Ага удаа Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинде иштеген Казем Жалали да “Афтаб-и-Язд” гезитинде жарыяланган макаласында Иран ортомчулар менен жолугушууларын токтотуп, андан көрө түздөн-түз АКШ менен сүйлөшкөнү оң деп белгилейт. Дагы бир Тегерандык мыйзам чыгаруучу Жавад Жавангирзадех ушул эле гезит баскан интервьюсунда Иран Вашингтон менен кандай шарттарда сүйлөшөөрүн ачык билдирген, бирок ал талаптарды АКШ кабыл алаарынан үмүт аз деген пикирин айтат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG